Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мелис Карыбеков: “Жаштардын муздаган жүрөгүн жылытам...

Мелис Карыбеков: “Жаштардын муздаган жүрөгүн жылытам...

25-июнь, 18:01
2 464 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мелис мырза, азыр эмне менен алек болуудасың?

-- Саясат-паясатты унуттум. Мындан ары бир гана табыпчылык менен иш алып баруудамын. Буга чейин табыпчылыктан бир аз четтеп, анда-санда саясатка аралашкан күндөрүм болгон.

-- Табыпчылык ишти каерде жүргүзүп жатасың, кантип тапса болот?

-- 0770-885-055 телефону аркылуу таап келесиз. Сын-Таш айылы, Ысык-Ата району, Ысык-Ата капчыгайында, айылда, тоо койнунда кабыл алып атам.

-- Кимдер кайрылып атат?

-- Көбүнчө жандүйнөсү жабыркагандар кайрылууда. Анын ичинде жаштар көп. Эң кызыгы, азыркы жаш муун таптакыр башка экен. Жандүйнөсүндө сүйүү жок, жүрөктөрү муздак (Кудайга ыраазычылыгы жок дегеним). А мен жылуулук тартуулайм да. Бир чети улуттук идеология жоктугунан баардык жактан деградацияга учурап, ишеним өлгөн. 

-- Адамдын тагдырын өзгөртсө болобу?

-- Ооба, мага кайрылгандар да ушундай суроону көп беришет. Адамдын жандүйнөсүндө өзгөрүү болгондо, анын тагдыры өзгөрөт. А жандүйнөсүн кечире алган гана адам өзүнүн тагдырын жакшы жакка бурат эмеспи. Кечире албаса, пешенесине жазган күндү көрүп кете берет... 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер