Акыркы кабарлар
» Коом » Бүгүн Бишкекте жолдон чуркап өтүп бараткан аялды эки унаа тебелеп кетти
Бүгүн Бишкекте жолдон чуркап өтүп бараткан аялды эки унаа тебелеп кетти
18-ноябрь, 11:28


Бүгүн эртең менен саат сегиздер чамасында Бишкектин Юнусалиев көчөсүнөн жолдон чуркап өтүп бараткан аялды ды унаа сүзүп кетти.
Бул боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Аял жолдон өтүп бара жатканда X-Trail үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу сүзүп алган. Анын артынан келе жаткан унаанын айдоочусу токтотууга үлгүрбөй, аялды тебелеп кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерде каза болду. Аялдын жашы болжол менен 40-45 чамаларында. Учурда анын өздүгү такталып, соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү.
Aryba.kg