Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тынчтыкбек Шайназаров, ЖК депутаты: “Мыйзамды бузбасаң, Дубайда эс ала бер”

Тынчтыкбек Шайназаров, ЖК депутаты: “Мыйзамды бузбасаң, Дубайда эс ала бер”

17-январь, 09:47
470 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Тынчтык Ураимович, айрым коллегаларыңыз ЖМКлардан терс мазмундагы маалыматтарды берүүгө тыюу салууну сунушташууда. Бул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай? 

-- Бул мындай да, маалымат оң же терс мазмунда экенинде маселе жок. Ал кандай болсо да далилдүү болууга тийиш. Мисалы, терс мазмундагы маалымат болсо деле бирок, далилдери менен болсо, бул дагы пайдалуу нерсе. Анан жөндөн-жөн эле “жаман-жаман” дей берген да туура эмес. Себеби, биз мамлекетпиз, БУУга мүчөбүз. Бизди сырттан карап турушат да. Туура, мактап эле “баары жакшы” дебеш керек. Көйгөйлөрдү айтыш керек. Бирок, негиздүү түрдө, аргументтеп, далил менен.  Жалпы жонунан, оң дагы, терс дагы маалыматтар берилиши керек. “Токтоткула, бир жактуу мактагыла” деген туура эмес болот. 

-- Ушу күндөрдө Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөт башчысынын Бириккен Араб Эмираттарындагы эс алуусу чоң талкууга түшүп жатат. Сиз анын жүрүм-турумун кандай баалайсыз?

-- Мен мыйзам талаасында сүйлөйүн. Менин билишимче, ал эс алууда экен. Эмгек өргүүсүндө жүргөн болсо, мыйзамды бузбаса, калганы бүт анын  абийиринде. Анан ал туурабы, туура эмеспи, бул аябай субъективдүү момент да.  

-- Бирок, моралдык жагычы? Айыл өкмөт башчысынын айлыгы канча экенин билебиз да... 

-- Ал айтып атпайбы, “досум конокко чакырды” деп. Эгер мыйзамсыз байыганы аныкталган болсо, анда башка кеп. Далил болуш керек да.  Бул өтө шепетильный маселе. Бирөөнүн үй-бүлөсү, ким кайсы жерде эс алып жатканы тууралуу айткандан мен өзүмдү тартам да. Жумуш болсо башка кеп эле. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер