Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » Жардан кулаган унаадан эки адам мерт болду
Жардан кулаган унаадан эки адам мерт болду
30-октябрь, 09:15


Жалал-Абаддын Ноокен районундагы Кызыл-Кыя айылында "Мерседес Бенц" унаасы жардан кулап, эки адам мерт болду.
Жол кырсыгы саат 10:00 чамасында болгон. Унаанын айдоочусу рулду башкара албай жардан сайга кулап кеткен. Окуядан "Мерседес Бенц" унаасынын 63 жаштагы айдоочусу жана анын 58 жаштагы жубайы көз жумду.
Эскерте кетсек, 2019-жылы Кыргызстанда жол кырсыгы былтыркыга салыштырмалуу акыркы тогуз айда 12,3 пайызга көп катталган.
Aryba.kg