Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Иманкулов жомок айталбаса, мамкатчылык жоюлуп кетпейби?

Иманкулов жомок айталбаса, мамкатчылык жоюлуп кетпейби?

23-май, 14:46
1 077 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сүйүнбек Касмамбетов 65 жашка чыкканын баса белгилеп, жаштарга орун бошотууну ниет кылуу менен Фейсбукка пост жазганын окуганбыз. Ат тезегин кургатпай мамлекеттик катчылыкка ошол эле курактагы Марат Иманкулов дайындалды. Бул киши орган кызматкери. Улуттук идеология, адабият, маданият боюнча кабары болбосо, кесиби туура келбесе, кызмат берсе эле жулунуп келип отуруп алганы түшүнүксүз. Буга чейин коопсуздук кеңешинин катчысы катары деле кыйратып иштегенин көргөн жокпуз да. Эми мамлекеттик катчылыкты кантип эптейт? Жөө жомок айталбаса, жоюлуп кетпейби? Айтор, кызык эле күндөр уланууда. Негизи кадр таңкыстыгы, татыктуулар аба менен суудай зарылдыгы байкалып калды. Мыктылар, билимдүүлөр чет өлкөгө кетип жатышса, же жеке ишкерликте жүрүшсө, аларды мамлекетке кызматка тартуу кыяматтай кыйынчылык жараткандай. Убакыттан уттура баштадык. Өкүнүчтүү.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер