Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адил Турдукулов: “Кайрадан бейстабилдүүлүккө жол ачууга коркунучтар бар”

Адил Турдукулов: “Кайрадан бейстабилдүүлүккө жол ачууга коркунучтар бар”

16-октябрь, 13:15
1 387 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Адил мырза, өлкөдөгү соңку саясый кырдаалдын кандай өкүнүчтүү көрүнүштөрүн айта аласың? 

-- 5-октябрда болуп өткөн төңкөрүштүн чыгып кеткен себеби, бир гана эбегейсиз сатып алуулар коштолгон шайлоо менен гана чектелбейт. Терең себеби – бул элдин бийликке таптакыр түңүлүп калгандыгында. Өзгөчө коронавирус тездик менен тараган учурда бийлик бул илдет менен күрөшүүдө жараксыз экенин көрсөттү. Миңден ашык адамдар каза болду, 50 миңден ашыгы ооруп чыкты. Карантин болсо түздөн-түз экономикага сокку урду. Өлкөбүздөгү ишканалардын жарымы банкротко учураптыр, калганы болсо ишмердүүлүгүн башка жакка бурганга аргасыз болуптур. Эң керектелүүчү делген азык-түлүктөр: шекер, эт, май, ундун баасы акыркы айларда өтө тез көтөрүлдү. Бул коомубузда социалдык депрессияны күчөттү. Ошол себептен сурамжылоо боюнча элдин жарымынан көбү “мамлекет туура эмес жакка баратат” деп жооп бериптир. Мындай нерсе бийлик үчүн чоң коңгуроо болуш керек эле. Анткени, ошондой эле маанай 2005-2010-жылдары да болгон. Азыр бийлик алмашып, жүздөр өзгөргөнү менен бийликтин табити дале өзгөргөн жок. Бул болсо кайрадан бейстабилдүүлүккө жол ачат. 

-- Aл эми келечекке карай өнүгүүгө, мамлекеттин алдыга жылуусуна үмүт барбы? 

-- Бул Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн аракетине байланыштуу. Анткени, бул өкмөт парламенттен же президенттен көз каранды эмес. Мурункудай “менин колумду тушап алды” деген шылтоо өтпөйт. Эң көйгөйлүү маселелер: тышкы жана ички инвесторлордун ишенимин калыбына келтирүү, жумушсуздуктун санын кыскартуу, аткезчиликти жоюу, чек арадагы маселени чечип, тышкы, ички карызды да убагында төлөп кайтаруу, административдик ресурсту колдонбой, кийлигишпей, таза шайлоону өткөрүү.

-- Мындан ары туруктуулукту камсыздоого, саясый куугунтуктарды токтотууга жетише алабызбы?

-- Саясый куугунтуктар дагы деле уланып жатат. Канат Сагымбаевди, Курсан Асановду “башаламандык кылды” деп камап, башкаларды көз жаздымда калтырганы, көңүл бурулбаганы – тандалма, саясый негизде, оппозицияга басым уланып келе жаткандыгынын белгиси. Мындай терс практика токтотулушун талап кылабыз. Туруктуулукту камсыз кылуу үчүн мыйзам нугунда жыл аягына чейин парламенттик шайлоону өткөрүш керек. Эң легитимдүү орган да ошол болот эле. Ал дагы бүт эл ишене турган өкмөттү түзүүгө жол ачат. Анүчүн шайлоо босогосун 2-3%га чейин кыскартып, күрөөнүн көлөмүн кескин түрдө кыскартыш керек. Анан дагы эң маанилүү нерсе, эл талап кылган люстрациянын биринчи тепкичи – массалык түрдө добуштарды сатып алууга катышкан бийликчил, криминалдык, олигархиялык партиялардын кайрадан шайлоого катышуусуна тыюу салынышы абзел. Алар: “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” партиялары. Ошондо биз азыркы саясый да, экономикалык да оор кризистен чыга алабыз. 


Асланбек Сартбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер