Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Асылбек Жоодонбеков: “Баардык адамдардын тандоосун сыйлоону үйрөнөлү”

Асылбек Жоодонбеков: “Баардык адамдардын тандоосун сыйлоону үйрөнөлү”

13-март, 12:33
1 116 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ордо калаабызда 8-март күнү “Аялдардын тилектештик маршы” өттү. Жүзгө жетпеген адамдар (басымдуусу аялзаты) Акүйдүн алдына чогулуп, андан ары Уркуя Салиеванын эстелигине чейин барышты. Алардын эң негизги максаты – аялдардын укуктарын коргоо болду. Митингди уюштуруучулардын бири ырчы Зере жана аны атасы Асылбек Жоодонбеков колдоп келгенине күбө болдук. Ушундан улам Асылбек мырзага бир нече суроолор менен кайрылдык.

-- Асылбек мырза, 8-марттагы иш-чара боюнча түшүндүрмө берип кетсең?

-- Негизинен 3-4 жылдан бери 8-мартта жигердүү жаштар өз позициясын билдирип, өлкөдөгү зордук-зомбулукка каршы, кыздарыбыздын укуктарынын тебеленишине жол бербөө, аял кишилердин запкы көрүп атканына кайдыгер эместигин билдирип келишүүдө. Өзгөчө былтыртан бери байкап атасыздар, аялдарга, кыздарга карата басмырлоо пандемиянын айынан дагы 65 пайызга өстү деген статистиканы расмий түрдө ИИМ берип атат. Ушундан улам жылдын бир гана күнүн – 8-мартта айымдарды куттуктап эле жөн калбастан “келгиле, аял-эркек дебей бир укукта, бирибизди бирибиз урматтап жашайлы” деген принципте чыгышты. Митингди мен да колдоп, кыздарды колдоо иретинде чыктым. 

-- Митинг учурунда бийлик тарабынан же башка күчтөр тарабынан кысым болдубу?

-- Шаардын Биринчи Май райондук администрациясы тарабынан борбордук аянтта митингдерди чектөө боюнча жарлыгын чыгарып ийди. Биздин Башмыйзамда “Жарандар каякта болбосун, качан болбосун, тынчтык митингдерди уюштурууга акысы бар” деген бир пункту бар. Демек, Биринчи Май районунун чыгарган жарлыгы күчкө ээ болгон жок. Экинчиден, ушуга окшогон тынч митингдер өтүп аткан учурда кайдан-жайдан 4-5 адам капталдан чыга калып, “силер Батышты туурап атасыңар, Батыштан келген акчаңарды актап көчөгө чыктыңар” дегендей болбогон сөздөрүн айтып, атайын провокация кылгандарды байкадым. Ошол эле учурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери “эмне болуп кетишер экен” дегенсип, кайдыгер гана байкоо салып турганы биз үчүн түшүнүксүз.

-- Кызың Зере митингди уюштуруучулардын бири болгон үчүн колдоп келдиңби же башка да себептери барбы?

-- Сиз билесиз, мен агартуучумун, билим берүү тармагында өкүл катарында коомдун өнүгүшүн, алдыңкы көз караштагы жаштарды, толеранттуулукту, мыйзамдын сакталышын, ошол эле мезгилде баардык адамдардын тандоосун сыйлоону колдогон адам үчүн мүмкүнчүлүгүмө жараша чыгып калып жүрөм. Экинчиси, мындай митингдерде провокация болуп кетпесин деп, кызымды аталык парзым менен колдоо иретинде чыктым. 

-- Айдай аттуу кыз аянтта элдин көзүнчө чачын кыркып салды. Ушуга болгон көз карашың?

-- Ал көрүнүштү өз көзүм менен көргөнгө үлгүрбөдүм. Менин жеке пикиримде, ал кыз протест кылыптыр. Кыргызда “Кыздын кырк чачы улуу” деп коюп, ошол эле мезгилде кээ бир учурда кыздарыбызга андай мамиле кылбай атабыз. Былтыр Жалал-Абадда бир кыздын мойнуна дөңгөлөктү байлап салып суу куйган факты болду. Ушундайдан улам ал кыз өз позициясын билдирди. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер