Төрөбаев аз сүйлөп, көп иштесе, Акунбеков курулай пиар менен алектенүүдө


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун сөзү көп, а ишинин дайыны жокпу? Бул эргул өзүн пиар кылып, соцтармактан түшпөйт экен. Аткаруу кызматындагы жетекчи оор басырыктуу болуп, милдетин так аткарып, эмгеги менен көрүнүшү керек эле. Тилекке каршы, Эрлист Акунбековдун мактанычын, убадаларын гана угуп, көрүп калатабыз.
Айтмакчы, өкмөт башчы Адылбек Касымалиев да жоош болуп атпайбы. Тыйып койгонго жарабайт. Башка жүнү тирүү башбакан болгондо, эки сөз менен силкип, ордуна коюп коймок да.
Эске салсак, Бакыт Төрөбаев айыл чарба министрлигин аркалап отурганда, аз сүйлөп, көп иштеп, тармакты реформа жолуна салып келатты эле. Көп өтпөй саясый интриганын курмандыгына айланды. Идиректүү кадрларды терең баалабай, ошон үчүн оңолбой жатабызбы?
Кыскасы, Эрлист Акунбеков көпкө деле узачудай эмес. Азыркы тапта ШОСко, Көчмөндөр оюндарына кызуу даярдыктар көрүлүп, шалаакы жетекчилерге маани берилбей калдыбы? Олуттуу суроо. Эми бир ай өтсүн. Анан кимдин-ким экени талданабы? Жоопкерчилик маселеси кабыргасынан коюлушу керек.











