Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кашкар менен Мелис “талкалап” кеткен ИИМди Улан Ниязбеков оңдоп атат

Кашкар менен Мелис “талкалап” кеткен ИИМди Улан Ниязбеков оңдоп атат

06-январь, 17:04
1 923 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Вечерный Бишкек”, “Репортёр” жана башка интернет сайттар жылдын мыкты министрин аныктоо үчүн сурамжылоо жүргүзүшкөн. Натыйжада, элдин баа берүүсү менен ИИМ башчысы Улан Ниязбеков ат чабым алдыга суурулуп чыкканына күбө болдук. Бул калыс баа берүү. Эмне үчүн алдыга озуп кетти? Себеби, коомдук-коопсуздук абалды тыкыр көзөмөлгө алганы, тартипти бекем сактаганы, жасалган кылмыштарды көпкө создуктурбай бетин ачууда үлгү көрсөткөнү, өзгөчө өткөн жылдагы жергиликтүү, шаардык жана парламенттик шайлоолордо мыйзамдуулуктун сакталышын жогорку деңгээлде камсыздай алды. Милицияга карата элдин ишенимин кайтарып, алгылыктуу иштердин өтөөсүнө чыкканына күбөбүз. Айтмакчы, генерал Улан Ниязбеков 1974-жылдан бери каралбай калган ИИМдин башкы имаратын капиталдык ремонттон өткөрүп, жаркырата жасатып койду. Кызматкерлерге шарт түзүп, айлыктарын көтөрүүгө киришти. Техника, автоунаа, курал-жарак менен камсыз кылууда иштер башталды. Коопсуздукту көзөмөлдөөдө, кылмыштардын бетин ачууда жаңы технологияларды киргизип, дээрлик санариптештирүүгө багыт алды. Мындай темп менен ургаалдуу иш улана берсе, үч жылда Батыш өлкөлөрүнө куйрук улаш жете барышыбыз күмөн эмес. Эң башкысы, министр Улан Ниязбеков өзүн пиар кылбай, көп иштеп, аз сүйлөп, элибиздин тынчтыкта, бейпилдикте жашашына шарт түзүүнүн камында экен. Баса. “Кой аксагы менен миң” дегендей, өздүк курамдын ичиндеги айрым мыйзам бузгандарды, “ийри жыландарды” убагында тазалап, аябастан кызматтык иликтөөгө алдырып, адилеттүү алкакта баа бердирип келатат. Кыскасы, ушундай. Ал эми Кашкар менен Мелистин ИИМди жетектеген кездерин эстейсиңерби? Тек гана “талкалай” башташканда кызматтарынан кубаланып кетишпеди беле? Акыры жакшы менен жаманды ажырата турган да кез келет тура... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер