Таалайбек Байгазиев: “Электр энергиясынын баасын көтөрүү керек”

Электр энергиясына болгон тарифти көтөрүү керек. Бул тууралуу бүгүн 29-декбардагы маалымат жыйынында «Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору» ачык акционердик коомунун башкы директору Таалайбек Байгазиев билдирди. Ал электр энергиясын керектөөчүлөр базар режиминде болушу керектигин белгиледи.
«Тарифти көтөрүү керек, анткени электр энергиясын колдонуу өсүп жатат. Экономиканы өнүктүрүү, энергетикалык кубаттуулукту жогорулатуу абзел. Бул биз үчүн, Кыргызстан үчүн керек. Демек, тарифтерди бир аз көтөрүү керек, бирок ал ийкемдүү график менен пландаштырылганы оң. Коңшу мамлекеттердин бардыгы буга чейин тарифтерди көтөрүшкөн. Энергетика тармагында коррупциялык тобокелчиликтер бар. Компаниянын чыгымдарын оптималдаштыруу керек. Бул тарифтердин көтөрүлүшү менен катарлаш жүрүшү шарт» деди ал.