Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ысык-Көл облусу "Биримдик" партиясын колдойт!

Ысык-Көл облусу "Биримдик" партиясын колдойт!

12-сентябрь, 11:30
908 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Шайлоо ѳнѳктүгүнүн алкагында «Биримдик» демократиялык социализм – Евразиялык тандоо» партиясынын лидерлери менен талапкерлери расмий үгүт иштерин Ысык-Кѳл облусунан башташты. Эл менен алгачкы жолугушуу кечээ, 11-сентябрда Балыкчы шаарында ѳттү. 

Балыкчы шаарынын эли менен болгон жолугушууда «Биримдик» партиясынын тизмесин баштаган Акылбек Жамангулов сѳз сүйлѳп, партиянын программасына, алдыда аткарчу иштерине токтолду.

Партиянын тѳрагасынын орун басары Тѳрѳбай Зулпукаров «Биримдик» элдин кызыкчылыгын баарынан жогору койгон партия экенине токтолуп, кесипкѳй, билимдүү, келечекте эл, ѳлкѳ үчүн кызмат кылчу мыкты жаштар, инсандар чогулганын белгиледи. «Партиянын тизмесин Акылбек Жамангулов баштап баратат. Бул жигит кыргыздын келечектеги Султан Ибраимову. Биздин катарда келечектеги ѳкмѳт башчылар, министрлер бар. Ѳлкѳбүздүн баардык аймагынан мыкты инсандарды чогулттук. Ишенип коюңуздар, биздин партияга добуш берсеңиздер жаңылбайсыздар! Биз партиянын программа, багыттарын ишке ашыра алабыз!», - деди. 

Ошону менен бирге партиянын шайлоо бюллетенинде №1 болгондугу жеңишке жетишүүгѳ жакшы жышаан, белги экенин айтып, 4-октябрдагы добуш берүү күнүндѳ активдүү болууга, добуштарды сатпоого, жүрѳк менен добуш берүүгѳ чакырып ѳттү. 

Жогорку Кеңештин вице-спикери, партиянын курамында шайлоого катышып жаткан Аида Касымалиева «Биримдик» партиясынын башка партиялардан айырмачылыгына токтолуп, адамдын социалдык абалдарына, бакубатчылыктарына басым жасай турганын айтты. 

«Биримдик» партиясынын идеологиясына ылайык, ѳлкѳдѳгү бай менен кедейлердин ортосунда ажырым болбошу керек, баары социалдык теңчиликте жашашы зарыл. Биздин партия эң алдыга социалдык кѳйгѳйлѳрдү чечүүнү коет. Партиябыздын программасында булардын баары камтылган», - деди А.Касымалиева. Ошону менен бирге шайлоонун тынч ѳтүшүн каалап, жаңылбай, туура тандоо кылууга чакырды. 

Мындан сырткары, ЖК депутаттыгына Ысык-Кѳл облусунан талапкерлер Бактыбек Турусбеков, Сүйүнтбек Касмамбетов, Максат Тентимишовдор сѳз сүйлѳшүп, балыкчылыктарды «Биримдик» партиясын колдоого чакырып, партиянын курамындагыларга ишеним артса боло тургандыктарын айтышты. 

Соңунда Балыкчы шаарынын аксакалы, легендарлуу парламенттин депутаты  Исакеев Казыбай сѳз алып, партиянын курамында татыктуу инсандардын чогулганына белгиледи. Талапкерлерге кайрылып, эл үчүн кызмат кылууга чакырып, шайлоодо жеңиш каалап, «Биримдик» партиясы атына заты жарашкан, түндүк менен түштүктү бириктирген, калыс, адилеттүү партия болсун, ѳлкѳнүн кызыкчылыгын баарынан  жогору койгон, ар бир адамдын кѳйгѳйлѳрүн уккан, чынчыл депутаттардан болгула», - деп батасын берди. 

Жолугушуу «Биримдик» партиясынын гимнинин аткарылуусу менен  жыйынтыкталды.

“Биримдикчилердин” андан кийинки жолугушуусу облустун борбору Каракол шаарында уланды. 

Каракол шаарында "Биримдик" партиясынан талапкер Акылбек Жамангулов жолугушуу кыргыз эгемендигинин негиздөөчүсү Жусуп Абдрахмановдун мекени Каракол шаарында өтүп жаткандыгына көңүл бурду. Ал партия жүздөгөн жумушчу орундарын түзгөн, саясатта тажрыйбасы мол жана жаратман адамдарды топтогонун кошумчалады.

Партиянын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаровдун айтымында, партия ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоонун жолун тапты. "Биздин өнүмдөрдүн 90%ы Евразия өлкөлөрүндө сатылат, эгерде биз соода-экономикалык мамилелерди дагы жакшыртсак, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтө алабыз", - деди ал.

“Биримдик” партиясынан талапкер Аида Касымалиева өз сөзүндө партиянын социалдык теңдик жана акыйкаттыкка карай багыты  тууралуу айтып, депутат катары квотанын 30%ы аялдарга берилгени бул гендердик теңчиликке жетише алгандык”, -  деп баса белгиледи. 

Депутаттыкка талапкер Талантбек Иманов "Биримдик" демократиялык социализм – евразиялык тандоо” партиясы тууралуу оюн айтып, улуу муундун тажрыйбасы жана жаштардын энергиясынын айкалышуусу келечекке жол ачарын белгиледи. “Муундардын биримдиги -- каада-салттар, инновация жана мекенчилдик. Биз биргеликте күчтүүбүз. Жаңы идеяларды алдыңкы технологиялар менен ишке ашырууну үйрөнүшүбүз керек», - деди ал.

Андан кийин Түп районунан партиянын талапкери Курманбек Дыйканбаев менен Жети-Өгүз районунан талапкер Айнура Оморова сөз сүйлөштү. Каракол шаарынын аксакалы, шаардын ардагерлеринин коомдук бирикмесинин башчысы Дүйшөнаалы Абдреев дагы сөз сүйлөп, партияга шайлоодо ийгилик каалады.


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер