Акыркы кабарлар
22:58
» Саясат » Согуштук кырдаалда коргоо министри Бактыбек Бекболотов өз милдетин аткара алган жок
Согуштук кырдаалда коргоо министри Бактыбек Бекболотов өз милдетин аткара алган жок
22-сентябрь, 11:37

Өлкөдө согуштук кырдаал жаралганда коргоо министри башкы командачы катары өз милдетин аткарат. Эл аралык практикада ушундай. А бизде эмне болду? Коргоо министри Бактыбек Бекболотов кандай ишти жасаганы белгисиз. Өзүн көрсөтө алган жок. Жадагалса аскерлердин окторун камсыздап бере албай, шорлотконун уктук. Дээрлик жүрөк жылытчу ишмердиги боюнча маалыматты окуй албадык. Профессионал болбосо, “кол ийрисине тарткан” бирөө катары эле “топ” эте түшүп калып, бакыйган мекемени ээлеп отурбайбы. Жарамсыз кадр экенине баарыбыз ынандык. Натыйжада, элдин коопсуздугу үчүн коргоо министрлигине тажрыйбалуу адисти алып келели да, туурабы? Качанкыга чейин кыйнала беребиз? Уят!
"Азия Ньюс" гезити