Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмнеге акыркы убакта кыздарынын үйүндө жашаган апалар көбөйүп кетти?

Эмнеге акыркы убакта кыздарынын үйүндө жашаган апалар көбөйүп кетти?

04-январь, 12:27
4 023 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушул катты жазып жатып, көпчүлүк мени «эркек болбойсуңбу?» деп жемелей турганын алдын ала сезип турам. Бирок элдин пикирин билгим келет…

Кайнатам каза болуп калган, келинчегим эки эле бир тууган. Агасы, анан менин жубайым. Кайненем кайнатам каза болгондон бери уулу менен келинин жактырбай, кызына көп арызданат экен. Келинчегим да байке-жеңеси менен урушуп, жаман көрүнгөн күндөрү көп эле болду. Балдары менен таарынышкан күнү дайыма кайненем биздикине келет да, 1-2 айга чейин жүрүп, анан кетет. Кээде кышы менен биздикинеде жашайт. Келинчегим болсо апам балдарды каралашып жатат, сага эмне оорчулук кылып жатабы? деп таарынат.

Мен чыдап унчукпай жүрө берем, бирок менин үч карындашым, апам мени жеп бүтүштү. Качан барсак кайненең менен отурасыңар, бул эмне деген жорук? Керек болсо апаң анча көп барбайт деп карындаштарым таарынат. Ошонун айынан карындаштарым менен да урушуп, абдан алыстап кеттик. Кимге тартарымды билбейм, апама болсо такыр унчуга албай калдым. Апам мени жаман көрүп, такыр шаарга келбей, кичүү уулу менен эле жашайт. Келинчегиме кантип түшүндүрөм? Айтсам эле балдарды карашып жатпайбы, балдарды бирөөгө бактырам десең акча дейт. Экөөбүз тең ишке кеткенде апам эле карап турсун” деп такыр сөзүмдү укпайт.

Ооба, бул нерсени коомчулукка айтканым эркектик эмес, бирок илгери апалар такыр кыздарыныкына барбай, барса да конокко эле барышкан го?.. Эмнеге акыркы убакта кызыныкында жашаган апалар көбөйүп кетти? Менин эле кайненем ушундайбы же ушул сыяктуу окуяга туш болгондор барбы?

Азырынча аябай деле уруш чыкпай эле жашап жатабыз, бирок бир күнү менин апам кайненеме катуу сөз айтып, кудайгыйлардын да сыйы кетип, үй-бүлөбүз бузулбаса экен (!) деп корком…

Фабула

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер