Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кеңешбек Ырысов: “Коронавирустан улам комага түшкөндөр да кездешет”

Кеңешбек Ырысов: “Коронавирустан улам комага түшкөндөр да кездешет”

01-октябрь, 23:01
593 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Медицина илимдеринин доктору, нейрохирург менен маек.

-- Коронавирустун мээге тийгизген таасири кандай? Сиздерге кайрылган бейтаптар болдубу?

-- Коронавирус башталганда канда кычкылтек азаят. Бүт органдарга жетпегендей эле мээге дагы кычкылтек жетпей калары белгилүү. Кычкылтек азайганда гипокция деген башталат. Коронавирустун татаалдануусу катары мээ жабыркайт. Андай учурлар менен бизге кайрылгандар болгон жок. Кычкылтек менен камсыздалганда оорлогон абал кайра эле калыбына келет. Коронавирус менен дарыланып жаткан терапевттер мунун баарын жакшы билишет да...

Мээге кычкылтек жетпей калган соң, адам өзүн жоготуп, комага түшкөн учурлар кездешет. Ошондуктан бул нерсеге өтө кылдат көңүл буруу шарт. Андыктан аралыкты сактап, беткап тагынып, аш-тойду токтотуп, сактанып жүрүү гана оң. Дарт организмге киргенден кийин ар ким ар башкача ооруйт. Адамдын мурдагы дарттарына карата ар кандай өрчүп кетиши мүмкүн. Ошондуктан алдын алуу гана натыйжалуу. 

-- Канды суюлткан аспирин, кардиомагнил сыяктуу дарыларга катуу ишенип алдык. Алардын таасири кандай?

-- Айрым учурда ал дарылар дагы тескери таасирин тийгизип коюшу ыктымал. Учурда саламаттык сактоо министрлигинен бекитилген, өзгөртүлгөн 4-протокол менен дарылоо керек. Ошол протоколдо эскилердин баары чыгарылып, жаңы эффект берген дарылануу бекитилди. Жаз айларына салыштырмалуу биздин дарыгерлер кыйла тажрыйбалуу болуп калышты. 

-- Оорудан кийин жыйынтыктар, оорунун калдыктары тууралуу талкуулар өттүбү?

-- Карантинге байланыштуу чоң жыйындар, талкуулар улам кийинкиге калып келет. Кийинчирээк баарын талдап, талкуулап, изилдеп, пикирлерибизди айтабыз (!) деген ойдомун. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер