Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары старт алды

Ооба, кезектеги Көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында бүгүн башталып, 2-октябрь күнү тасмалын жыят. Эмне дейли? Жеке пикиримде, бу жолу көптөгөн мүчүлүштүктөр менен өткөнү турат. Биз баштап, негиздеп, жол-жобосунан бери иштеп чыккан эл аралык оюндун ашмалтайы чыкканы турат. Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары эмес эле кайсы бир жеке адамдардын шоусу болот өңдөнүп калды. 2014-2016-2018-жылдары бизде өткөн оюндарга бирөөсү да окшошпой, жөн эле көз боёмочулук шаан-шөкөт десек жарашатпы? Дегеним, Көчмөндөр оюндарынын маңызы болгон көкбөрү биз күткөн деңгээлге жетпейт. Анткени, көкбөрүчүлөрдүн өз аттары ал жакка жетпей калуу жагы бар. Чындап эле чабандестердин аттары бу жакта калса, кайсы көкбөрү жөнүндө кеп кылабыз? Бул боюнча чоң маселе жаралды. Ошо чоң маселенин артында чоң каражат да жатат. Бери жагы 300 миң доллар жөнүндө кеп болууда, бул биринчиси. Экинчиси, биздикилер спорттун 11 түрү боюнча катышары, анын ичинде алыш күрөшү менен көкбөрү гана расмий түрдө киргизилди. Мындайча айтканда, спорттун эки түрүнөн көрсөткүчкө жетише алабыз, анын көкбөрүсү да күмөн жагдайда. А калгандарынын ичинен кыргыз күрөшү менен тогуз коргоол показательный (көрсөтмө) болот. Демек, бу жолку Көчмөндөр оюндарынан эмнени күтөсүздөр жана эмнени күтпөйсүздөр, аны айта албайм. Шилекейиңерди топтоп тургула, жерге түкүрө турган учур алыс эмес өңдүү...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити