“Акылбек Жапаровдун салык саясатынан улам инвесторлор келбейт”

-- Өкмөт тарабынан ишкерлерди кысуу, салык саясатын катаалдатуу сынга кабылып келет. Мындай көрүнүш экономикага кандай таасир этип атат? Ансыз да сырттан инвестиция келбей атканда, мамлекет казынаны кантип толтурат?
Төрөбай Колубаев, коомдук ишмер:
-- Өкмөттүн салык чогулткандан башка айласы жок. Акылбек Жапаровдун “салыкты көбөйтүп, эптеп бюджетти толтурам” деген аракети эч натыйжа бербейт. Азыркы жүргүзүп жаткан саясаты карапайым эл менен бийликте отурган кишилерди кагыштырууга алып барат. Ошондой эле Акылбек Жапаровдун салык саясатынан улам инвесторлор келбейт.
Мадин Итикеев, серепчи:
-- Ооба, негизи салык саясатын туура багытта жүргүзүү – мезгил талабы. Антпесе, ансыз да дүйнөлүк каатчылыкка байланыштуу пайдалардын түшүшү азыраак болуп жатканда өтө жумшагыраак саясат жүргүзүү керек. Экономикага кедергиси тийип, көптөгөн чоң бизнесмендер чыгып кетиши мүмкүн. Жумушчу орундар кыскарышы да болбой койбойт. Сырттан кирген инвестицияларга жагымдуу шарт түзүлбөсө, инвесторлор келбей да коёт, аны тарых тастыктап отурат. Кээ бир атамекендик ишканаларга жеңилдиктер берилиши керек. Ооба, кыргыз эли өтө катуу кысымга чыдабайт. Мен деле “10 пайыз” деген салыкка каршы эмесмин, бирок бирөө жашаган үйүн сатып, жаңы үй алууга план кылса, бир жылдан кийин кайра аны сатса, “10 пайыз төлөш керек” дегени туура эмес болуп калат. Анан салыктан качуулар келип чыгат. Салыкка өтө катаалдашпаган саясат талап кылынат. Бул менин жеке пикирим.
Сонунбүбү Кадырова, журналист:
-- Бул маселеге тигиндей-мындай айтуудан мурун, “ишкерлер кимдер?” деген суроого жооп издегенибиз дурус го. Карапайым эл ишкер боло албай, өз арабасын кылдыратып эле келди. Ишкердин баары чиновниктер, депутаттар, керек болсо майда бизнесте да чиновниктин жек-жааты. Алар бизнесин кылсын же мамлекеттик кызматта иштесин. Ошолорду бир калыпка салып, жашыруун эсептеги бухгалтерияларын ачыкка чыгаруунун жолу деп түшүнсөк болот. Бизнесин жасасын, салыгын төлөсүн. Инвестор үркпөйт. Ошол ортодогу “шапке” сурагычтар, доляга отургучтар коркутат. Ошолорду жок кылып, мамлекетке түз салык төлөй турган жолго баратабыз. Бул келген инвесторго да абдан ыңгайлуу. Ага айырмасы жок, мамлекетке төлөйбү же ортомчуга төлөйбү. Болгону мамлекетке төлөнгөн салык инвестордун ишеничтүү кепилдиги болуп бере алат. Ал эми мамлекет казынаны эң сонун эле толтурат жана толтуруп жатат. Жашыруун эсептер ачыкка чыкса эле баары жай-жайына келет.
Ал эми кыймылсыз мүлктү алып-сатууну да жакшы жолго коюп жатат. Үй алып саткандар, машина алып саткандар токтойт. Эми мунун коррупциялык жолу баш көтөрүп кетпеш керек. “Алганына бир жылдан өттү” деген документ жасагычтар чыгышы мүмкүн. Бул жагын да катуу көзөмөлгө алуу зарыл. Адам бар жерде айла-амал түгөнбөйт экен го, чиркин. Эмне дейбиз, азыркы бийликтин демилгелерин түшүнүү менен колдоп, жакшы жагына кабыл алуубуз абзел.
"Азия Ньюс" гезити