Акан Иманов, серепчи: “Туризм өнүкпөй, жеңил өнөр жай, айыл чарбасы какап калды”
-- Акан мырза, жайкы туризмге кандай кам көрүлүп атат? Бул багытта мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды байкап жатасызбы?
-- Мамлекет тарабынан сезондун ачылышы сыяктуу иш-чара жана бир аз фестивалдарды өткөрүп, пирс куруп, бирден-экиден даараткананы салып койгону болбосо, көзгө көрүнүктүү иштери жокко эсе. Былтыр болсо пансионаттардын тосмолору алынып, акы төлөнүп кирген пляждар жасалган. Быйыл андай иштер архитектура башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп баштаганын билебиз. Бирок туризмди жолго салууда ишкерлер менен мамлекеттин ортосунда кызматташуу жок. Салыкпы, тазалыкпы, же коопсуздук багытындабы, ар ким өз арабасын өзү тартат. Келген конокторго сый мамиле жасоо, асмандатып акчасын алуудан тышкаркы адамдык касиет жана меймандостук жөнүндө жергиликтүү бийлик деле иш жүргүзүп койсо жарашмак. Сууга чөгүп кеткен учурлар жыл сайын катталат, бирок эч ким жооп бербейт. Бул маселе деле актуалдуу да. Өнүккөн туризм сервисинде куткаруучусу жок пляждар болмок беле? Анан сырткы чыгып жарманкеге катышып, чет элдиктерди өлкөбүзгө суктандырабыз. Алар келгенде “баарын базар жөндөйт” дейбиз да, сырттан карап отуруп алабыз. “Местныйлар” деген термин бар Ысык-Көлдө. Мисалы, кечээ соцтармакка чыкты, пляждарга зонтиктерди сайып коюп, “арендага албасаңар, ал жер бош эмес” деп өзүм билемдик кылган учурларды чыгарып атышат. Анан майда нерсени көзөмөлдөй албагандан кийин чоң нерселерден ийгилик жаратуу мүмкүн эмес да.
-- Баса, министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров экономика жылдан жылга өсүп жатканын айтып келет. Чын эле өзгөрүүлөр барбы?
-- Акылбек Жапаров өкмөт башчы катары өзүнүн ишмердүүлүгүн, ресурсун коротуп бүттү. Көбүнчө пиар менен алектенип, жомокчудай эле болуп калды. Салыкты жолго салуудагы иши колдоого аларлык болгон, бирок ал иштин да максималдуу чегине жетти. Эл түшүндү салык төлөө милдетин. Эми башка жолду да колго алуу зарыл. Жеңил өнөр жай жана айыл чарбасы какап калды. Дыйкандар араңдан зорго жанын багышууда. Чындап аларга жардам берем десе, соцфонд салыгы боюнча амнистия керек болчу. Жеңилдетилген насыяны баягы эле бир ууч топ алып келишет. Айылдардагы арыктар 30 жылдан бери каралбай, дыйкандар күрөк менен казып суу жеткиришет. “Миллиард сомду ирригациялык системага бөлдүк” дешет. Ал акча облуста жана райондук суу чарба башкармалыгында калып калган. Өндүргөн продукциябызды кайда сатарыбызды билбей, жазында пияздарыбыз бекер таратылды. “Кыргыз индустрия” деген ишкана ачылган, миллиарддаган каражат бөлүнүп, мык, шуруп сыяктуу бир ууч товар өндүрүмүш этишет. Ал каражатты жеңил өнөр жайга бөлсө жарашмак. Себеби, чек арадагы айылдарга чейин ушул тармак менен оокат кылган үй-бүлөлөр көп. Карапайым элдин жашоосу миграцияга, курулушка, соодага, дыйканчылыкка жана жеңил өнөр жайга байланып турса, бул тармактарда кирешелери аз болуп атса, анан кайдан жашоосу оңолмок эле? “Консолидированный бюджет” өкмөт башчыбыздын оозунан түшпөйт, “600 миллиард сом болду” дейт. Бирок, республикалык бюджет 370 миллиард сомго барабар. Жөнөкөй жол менен элдин башын айлантуу оңой. Азыркы учурда кайсы бир жетишкендиктин баары президенттин чечкиндүүлүгү менен ишке ашып жатат. Маселен, ошол эле Кумтөр же ипотекалык үйлөрдүн курулушу, салыктагы убактылуу жеңилдиктер, кызыл китеп алуу маселесинин баары президенттин аракети менен болду.
Ошондуктан Акылбек Жапаров өзүнүн баардык потенциалын колдонуп бүттү. Мындан аркы ишти жаңы көз караштагы менеджерлер ишке ашырышы керек деп ойлойм.
"Азия Ньюс" гезити