Рита БОРБУКЕЕВА: “Исаков камакта кезде Атамбаев дух берчү! А бул акмак экен!”

КСДПнын көп жылдардан берки мүчөсү, камактагы Алмазбек Атамбаевдин туруктуу колдоочусу Рита Борбукеева генерал Исмаил Исаковду “туздап”, ачуу пикирин мындайча жазыптыр:
“Бул акмак үчүн 2009-жылы атамбаевчилер ачкачылыкка чыгышып, боз үйдө отурушчу. Исаков камакта кезде Атамбаев анын сотуна өзү дайыма барчу! Дух берчү! А бул акмак, жакшылыгы жок, азыр кайра Атамбаевди ансайын табалап атат! Айбан экен! Атамбаевдин башка кемчиликтери болсо да, трайбалист эмес эле, жалаң ушул Исаковго окшогон түштүктүн өкүлдөрүн депутат, министр, губернатор, сот ж.б. бүт чоң кызматтарга койбоду беле?
Айбан экен! Жок дегенде генерал болсо, чындыкты айтыш керек эле го? Эмнеге ушу кишини Кой-Таш комиссиясына киргиздиңер, Разаков? Баарыңарда бет калбады го?! Элди тоготпой көзүңөрдү май басты!”
Рита Борбукееванын Фейсбуктагы баракчасынан алынды