Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Азык-түлүктөрдөн коронавирус жукпайт” дейт Ырсалиев

“Азык-түлүктөрдөн коронавирус жукпайт” дейт Ырсалиев

30-январь, 15:49
530 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Төлөн Ырсалиев Кытайдан келген эт жана башка азык-түлүктөрдөн коронавирус жукпай турганын айтты.

“Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл башкармалыгы Кытайда коронавирус илдети катталганын угары менен эле ал өлкөдөн келген эт жана башка азыктарга убактылуу чектөө киргизди. Акыркы жолу декабрь айында Ухань шаарынан 511 чакырым алыстыкта жайгашкан провинциядан 48 тонна эт келген. Албетте, ал эт ветеринардык лабораториялык көзөмөлдөн өткөндөн кийин гана сатыкка уруксат берилген. Ал эми чектөө киргизүү – вирус малдын этинен же башка өсүмдүктөн жугат дегендик эмес. Аталган продукцияны алып келип жаткан адамдар менен байланыш болгондо оору жугушу мүмкүн болгондуктан, алдын алуу аракети болуп эсептелет. Өлкөдө коронавирус боюнча атайын штаб түзүлгөн. Ага ветеринардык көзөмөл жүргүзүү кызматы дагы кирген. Алсак, саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери келгендердин дене табын текшерүүдө. Ал эми биздин кызматкерлер ветеринардык көзөмөлгө тийешелүү товарларды текшерип жатат. Аэропортто шарт боюнча колго беш килограммга чейин жүк алып өтүүгө болот. Бирок кырдаалга байланыштуу учурда колго жүк алууга такыр тыюу салынууда” деп маалымдаган Ырсалиев. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер