Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбек Жунушалиев өзүнүн отставкасы боюнча комментарий берди

Айбек Жунушалиев өзүнүн отставкасы боюнча комментарий берди

08-февраль, 18:18
949 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев Kaktus.kg'ге “отставкага кетет” деген имиштер боюнча комментарий берди. Анын айтымында, ал бул тууралу эч нерсе билбейт.

"Мен азыр жумуштамын, президент менен объектилерди текшерип жатабыз. Бул боюнча эч кандай маалыматым жок. Жумуш штаттык режимде уланууда" дейт борбор шаардын жетекчиси. Ал аны менен отставка боюнча эч ким сүйлөшпөгөнүн белгиледи.

Эске салсак, Жунушалиев 2021-жылдын августунда мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ошол кезде мэрдин милдетин аткарып жүргөн Таалайбек Сарыбашевдин ордуна келген. Сарыбашев болгону 10 күн Бишкек мэринин м.а. болуп, кийин отставкага кетип калган. Бул кадамын "себептерим бар" деп түшүндүргөн. Азыркы тапта ал Жогорку Кеңештин депутаты.

2021-жылдын 26-августунда Бишкектин мэрин шайлоо өтүп, Айбек Жунушалиев жалгыз талапкер болгондуктан, жеңүүчү болуп чыгат. 3-сентябрда расмий түрдө иштеп баштаган. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Айдана Жупуева ага шаардын мэри деген күбөлүк тапшырган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер