Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Куран окутканда конфет талашып урушкандарга жан ачыды...

Куран окутканда конфет талашып урушкандарга жан ачыды...

14-август, 18:30
773 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мындан бир жыл мурун инимден айрылып калдык. Достору менен эс алуудан келатып, жол кырсыгына учураптыр. Суук кабарды түнкү саат экиде уктук. Бирок, коштошконго жетише албай калдык. Бейтапканага баргычакты үзүлүп кете бериптир.

Жерге бердик. Элден кем калбай, бейшембилигин, кыркылыгын өткөрдүк. Жакшы эле чачылдык. Карыз да алдык. Баарын иним үчүн эмес, эл үчүн жасадык көрүнөт.

Карыздан кутулганыбызга бир ай боло элек жатып, атамдар ашын беребиз деп чыгышты. Мен каршы болдум. "Биздин да катыштар бар" деп болбой туруп алышты. "Дагы карызга батабызбы?" десем, кошумчалар менен жабылып каларын айтышты.Иним болгону 22 жашта эле. Кичипейилжигит болчу. Ата-энем 300 кишини тизмектепчыгышты. Үйгө батпайт экен деп ресторанга сүйлөшүштү. Иним тирүү болгондо тоюн да мынчалык деңгээлде өткөрбөсөк керек.Эки жылкы союлду. Канча майда жандык союлганын билбейм. Билгим да келген жок. "Эл айтат" деп кымбат конфет, печеньелерди сатып алып жатышканда эле көңүлүм калды.

Мына элдер келди. Тамак тартылды. Столдорду тейлеп жүрүп, бир адамдан да иним тууралуу сүйлөшкөндөрүн уккан жокмун. Бирөөсү жаңы сатып алган машинасын, экинчиси үйүн кантип жылуулаганын айтса, үчүнчүсү тууганын жамандап жатат. Баса, "ушул жерге той берсек болчудай экен" деп ресторанга кызыккандарды да уктум. Айтор, келген коноктордун бири да эмне үчүн келгенин билбегендей. Музыка эле жок болбосо, баары шаңкылдап күлүп отурушту.

Аягында молдо чыгып куран окуп баштады. Элдер колун батага жайгандынордуна, аял-эркек дебей баштыктарын толтуруп жатышты. Конфет талашыпурушкандары да болду. Молдону эч ким угуп да койгон жок. Эптеп бата кылымыш болуп туруп кетишти.

Молдого барып, “кечиресиз, иниме булардын баары жеттиби?” деп суроо узаттым. Ал бир аз ойлонуп туруп, “иним, каза болгон адамга малдын эти, ресторан же конфет жетпейт, ал адамга арнап куран окуп, анын атынан муктаждарга садака кылсак, ошол баталарыбыз, дубаларыбыз жетет” деп, жулкунуп баштыгын көтөрүп бараткан элди карап башын чайкады.


Акылбек  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер