Министр Улан Ниязбековдун ийгилиги жана орун басарлары боюнча сунуш


Коомчулуктун аң-сезимдүү катмары министр Улан Ниязбековдун генерал-полковник жогорку даражалуу наамды алганына кубаттоосун билдиришти. Биз да куттуктайбыз! Элибиздин коопсуздугу, мамлекетибиздин бекемдиги үчүн кызмат кыла берсин. Ийгилик жылоолоп, тарых астында адилеттүү чечимдерди кабыл алышына тилектешпиз!
Эми мынча болду, Улан Омокановичке сунуш берели. ИИМдин орун басарлары беш-алты жылдан бери отурушат. Баары тең генерал-майорлор. Алар жакшы иштеп жатышы мүмкүн. Бирок жаңыланууга, кан алмаштырууга мезгил келгенин баса белгилейли. Образдуу элестеткенде, шар аккан суудай тазалануу башталса... Натыйжада, беш орун басары ардактуу эс алууга узаса туура. Алды алтымышка таяп калыптыр. Армандары жок. Пенсияга кетишсе, Улан Ниязбековго өмүр бою ыраазы болушса керек. Эбегейсиз жакшылыктарды көрүштү. Акыйкат сөз убагында айтылышы парз.
Аныгында, ИИМде потенциалы жогору, профессионал кадрлар өсүп жетилишти. Жаңы дем, сергек ой жүгүртүү менен жаш полковниктер карьералык секирик жасашса, реформага, өнүгүүгө салым кошушат. Мындай практика цивилизацияга жетишкен мамлекеттерде байма-бай колдонулуп келет. Ошентип, орошон ойду ортого салып отурабыз. Орун басарлык атадан калган мурас эмес да. Арийне, ИИМге берилүү менен кызмат кылган билимдүү жаштарга дагы кезек берели...











