Жигитимди, тоюмду таштап, көнгөн жашоомо кетсемби?
Мен жакында турмушка чыгам, тоюбуз болот. Жигитимди башында жактыргам, сүйгөм. Ал жүрөгүмдү ээлеп алууга жол тапкан. Белектери, бал сөздөрү жибиткен. Ата-энем, туугандарым каршы чыкканына карабай, баарын көндүрдүм. Ал дагы жуучу жиберип, колумду сурап, ата-энемдин макулдугун алды. Той күнүбүзгө саналуу күндөр калды. Бирок, жүрөк опкоолжуйт.
Мен бакытымды таптым десем, күн санап тилегимди таш каап бара жатат. Аскар той жакындаган сайын болгон мүнөзүн, жүзүн көрсөтө баштады. Артка чегинейин десем, тойго алынчулар алынып, улуу адамдардын эчак сөзү бүткөн. Аскардан башкача сүйүү, мээрим, жылуулук издейм. Бирок, күн санап жек көрүп баратам... Майдалыгы, болор-болбос нерсени төөдөй нерсеге айлантып, мээмди жегени тажатып баратат. Эми кантем? Тагдыр ала турган буюм же кийим эмес. Тоюмду, жигитимди таштап, жалгыздыкка, көнгөн жашоомо кетсемби?
Гүлмайрам
"Азия Ньюс" гезити