Чыңгыз Айдарбеков, ЖК депутаты: “Транспорттук туңгуюктан чыгууга пайдубал пайда болду”

-- Чыңгыз мырза, бүгүн парламент Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу боюнча келишимди үч окуудан колдоп берди. Бул долбоорго карата сиздин көз карашыңыз кандай?
-- Бул тарыхый келишим. Кыргызстан бул жагынан сөзсүз түрдө утту. Менимче, Кыргызстандын кызыкчылыктары сакталды, корголду. Мен өлкөбүздүн жетекчилигин жана жалпы жарандарыбызды бул жетишкендик менен куттуктайм! Ушул долбоордун алкаганда биз транспорттук туңгуюктан чыгып атабыз. Азыр негиз салынып, пайдубал пайда болду. Кийинки кадамдардын алкагында сөзсүз түрдө кылдат мамиле жасап, келишимдин негизинде жазылган ченемдерден улам жаңы багыт түзүлүшү керек. Биргелешүүнүн алкагында, ал жүктөр менен алектене турган операциялык компания болот. Үлүштөр бөлүндү. 51 пайыз Кытайга, Кыргызстан менен Өзбекстанга 24 пайыздан. Темир жолду куруп, акташ үчүн ушул компания түзүлүүдө. Анын мөөнөтү так аныкталууга тийиш. Ал эмненин негизинде аныкталат? Биринчи иретте, кирешеден. Салынган каражаттар өзүн-өзү актап, анан темир жол Кыргызстан тарапка өтүшү керек. Жылына канча киреше түшөрүн эсептеп, анан бүтүм чыгарылат. Ошонун негизинде компаниянын мөөнөтү билинет. Санап, талдоо жасап атканда сөзсүз эске алып, анан келишим түзүлүшү кажет. Бул кийинки кадамдар.
-- “Убактылуу компания түзүлөт” деп атпайсызбы, анын болжолдуу мөөнөтү барбы?
-- Бул келишимдин алкагында мөөнөтүн аныктоо кыйын. Себеби, дасыккан, кесипкөй адистер отуруп, канча жүк өтөрүн санашы керек. Баары саналгандан кийин анан тыянак чыгат. Бул экинчи-үчүнчү баскычы. Биз сонун келишимди ратификацияладык. Эми кийинки кадамдар түздөн-түз экономикалык маселелер. Мен жогоруда айткандай, аны отуруп санаш керек.
-- Биз темир жолду курууга кредит алабызбы?
-- Өзүбүздүн үлүшүбүздүн алкагында, биз жол салыш үчүн каражат булактарын аныкташыбыз керек. Башка өлкөлөрдөн, каржы уюмдарынан каражат суралат. Бул аябай маанилүү инфратүзүм. Муну куруш үчүн каражатты корпой эле алса болот.