2000 сомдук жасалма акчалар табылды
Жалал-Абад ОИИБинин кызматкерлери жасалма акча менен соода жасаган жарандарды кармап, элди этият болууга чакырышты.
27-28-ноябрь күндөрү Токтогул районунун бир нече тургундары арыз менен кайрылышкан. Алардын айтымында, соода түйүндөрүнө 20-25 жаштагы жарандар келип, 200 сомдон 500 сомго чейин соода кылып, 2000 сом акча берип кайтарымдарын алып кеткен. Ошол 2000 сомдук акча жасалма экендиги билингенден кийин белгисиз жарандарга карата чара көрүүнү суранган. Бул факты боюнча топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 225-берене (Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада Токтогул районунун 2001-жылы туулган Т.К. жана анын шериктери О.С., М.У. кармалып, далил катары 2000 сомдук жасалма купюралар алынган.Тергөөнүн жүрүшүндө Токтогул райондук соту тарабынан шектүү Т.К. камакка алынып, ал эми калган экөө үй камагына чыгарылган. Учурда банкноталар кайсыл жактан алынып, кандай шарттарда жасалгандыгы боюнча тергөө иштери жүрүүдө.
Ал эми жасалма акчаларды карапайым эл сыртынан ажыратууга дароо мүмкүн эмес экендигин айтышты.
Aryba.kg