Талибдер эми аялдар үчүн сулуулук салондорун жапканы жатат
Талибан кыймылынын жетекчилиги Ооганстанда аялдар үчүн сулуулук салондорун жабууга буйрук берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, өлкөнүн талибдер түзгөн убактылуу өкмөтү он күндүк мөөнөт белгилеген, андан кийин аялдар үчүн сулуулук салондору жабылышы керек. Ошондой эле кыздарга соода борборлорунда иштөөгө тыюу салынары дагы айтылууда. Эскерте кетсек, буга чейин Ооганстанда аялдарга жогорку окуу жайдан билим алууга тыюу салынган. Талибан кыймылы 2021-жылы Ооганстанда бийликке келип, аялдардын укуктарын чектебөөгө убада берген. Ошондон бери аталган өлкөдө аялдарга мектепте жана жогорку окуу жайда билим алууга, бир катар тармактарда иштөөгө, эркектердин коштоосу жок коомдук жайларга баруусуна тыюу салынган.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргызстандын аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.