Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Өзүңө чыйыр салып өт, Таптабай жолдун даңгырын...”

“Өзүңө чыйыр салып өт, Таптабай жолдун даңгырын...”

22-февраль, 19:30
850 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Акын Молдо Багыштын осуяты)

Карыя калемгер катары окурмандарыма, жаштарга насыйкат сөз менен кайрылгым келсе, алгач айтылуу акын Молдо Багыштын төмөнкү даанышман саптары эсиме түшөт:

Too суусундай шаркырап,

Токтобостон агып өт.

Өзгөлөрдү туурабай,

Өзүңчө чыйыр салып өт.

Чырак болуп жангының,

Тапкын сен издеп жаңыны,

Таптабай жолдун даңгырын.

Байкасаңар, бул саптар элдик акындардын терме, санаттарында боло берчү демейки насаат кептердин бири эмес. Бул саптар демейки жорголотуп айтылган, кулакка кооз угулган, баштатан белгилүү ой тизмектеринин катарынан жарк этип бөлүнүп турган, адаттан тыш, акыл-оюңду тереңге жетелеген оригиналдуу ой уютмасы. Пенденин сергек акыл-эсине багышталып турган, керек болсо бир калыпта, көнүмүш нукта чамындыдай калкып агып бараткан өмүрүңдү селт эттирип ойготуп, жандүйнөңө бүлүк салып, капыстан жашоо багытыңды өзгөртүп, тагдырыңа бурулуш жасап койчу укмуштуу саптар. Бул ыр пенденин өмүрүнүн маани-маңызы, адамдын бу жарыкчылыктагы жашоо миссиясы жөнүндөгү Молдо Багыштын рухий, акыл-ой изденүүлөрүнүн философиялык тыянагы катары эстутумуңа чап орноп калчу мүлк. Бул жерде Молдо Багыш кыргыздын акындарынан башкача ырдап отурат.

Эми жогорудагы поэтикалык саптарды бирден талдоого өтөлү. Молдо Багыштын «тоо суусундай шаркырап, токтобостон агып өт» деген санаттарында айтылган ойго жакшы түшүнүш үчүн бүгүнкү кыргыз профессионал поэзиясынан төмөнкү төрт сапты алдыңарга тартайын: 

Сүйбөйсүң деп таарынып сен, күнөөлөйсүң бирөөнү,

Жаанбай, сен токтоп турчу, мен айтайын жүйөнү.

Жүрөгүңдөн жалын чачып, оттой жаныш ордуна,

Быкшып күйбөй түтөп турсаң, бирөө сени сүйөбү?

Бул төрт саптан көрүнүп турган образ Молдо Багыштын ырындагы инсан философиясына карама-каршы. Молдо Багыштын ою боюнча адам баласы бу дүйнөгө быкшып күйбөй түтөш үчүн келген эмес. Ал көнүмүш нук менен акырын билинбей жылжып аккан сууга да окшошпош керек. Саздын суусундай бир орунда мелтиребесе. Адам деген бир жаралган өмүрүндө тоо суусундай токтолбостон шаркырап агышы зарыл. Керек болсо капчыгайда айлананы жаңыртып күрпүлдөп, көбүк чачып аккан дайрадай ташкындасын. Адаммын десең, эки анжы болуп бүжүрөбөй, коркуп кетенчиктебей, шар бол, чечимдериңди дыкат кабыл ал, кадамдарыңды ачык ташта. Too суусундай токтолбостон шаркырап агып, ачык-айрым, шар жүрүп, адамдардын ажатын ач. Молдо Багыштын ыр насыйкатынын логикасы ушунда жатпайбы!

Ырдагы баштапкы эки сапка дагы бир жагынан карап көрөлү. Жакшылап шыкааласак, саптардын подтекстинде дагы бир маани бугуп жатат. Муну маселенин нравалык аспектиси десек болот. Молдо Багыш салыштырууга башка бир нерсени албай, маселен, тоо бүркүтүндөй дебей, эмне үчүн «тoo суусундай» деп жатат? Акындын идеалында тоо суусу таза, тунук, мөлкашка. Мөлтүр булактардан куралган тоо суусу – табияттын керемети, тазалыктын символу. Таштаган шар кадамдарыңыкчам кабыл алган чечимдериңтез жүрүм-турумуң, адеп-ахлагың тоо суусундай шар гана болбой, ошол тоонун мөлтүр суусунун өзүндөй таза, аруу болгондо гана сенин активдүү, күжүрмөн, «шар аккан» жашооңдун моралдык маңызы болот. Байкасак, ушул ой ары көмүскөдөн ишараланып жатат. Поэтикалык тексттин оңой менен көзгө көрүнбөгөн купуя сырларын туя билгенибиз оң.

Кыскасын айтканда, ырдын башындагы эки сап сергек окурманды өзү жөнүндө, өзүнүн буга чейинки жашоо образы жөнүндө ойлонтпой, толгонтпой койбойт. Мен туура жашап келдимби? Мен киммин? Быкшып күйбөй түтөгөн бирөөмүнбү? Же жаман жерде жылжып аккан кир суумунбу?”. Молдо Багыш сени ушундай нукта ойлонууга, капысынан көзүңдү чоң ачып, өзүңө өзүң сын көз менен кароого түртөт. Ал эми алдыңкы эки саптан кийинки «өзгөлөрдү туурабай, өзүңчө чыйыр салып өт» деген саптар адамды ого бетер дүрбөлөңгө салат.

Бул эки сапты мен көчмөндүк-патриархалдык чөйрөдөгү өзүңчө бир "чаарбаш" духтагы саптар дээр элем. Көчмөндүк-патриархалдык чөйрөдө адамдар көбүнчө «ушундай болуш керек», «ушундай болууга тийиш» деген күн мурунтан орногон, жалпы кабылданган көнүмүш нормаларга ориентация жасайт. Ал эми Молдо Багыш болсо, ырында “өзгөлөрдү туураба, өз алдыңча жүр, кайталангыс бол, өзүңдүн жеке чыйырыңды, өзгөчөлүү жолуңду тап деп жатат. Тереңирээк карасак, бул өзүн-өзү аңдап түшүнүүгө, күч-кубатын баалай билүүгө, өзүнүн башкаларга окшошпогон чыйырын салууга, көнүмүштүн артынан ээрчиген жетеленме, көптүн бирөө болбоого, жарк этип өзүнчө из салып өтүүгө ташталган чакырык эмеспи! Бул «козголоңчул» духтагы саптар Молдо Багыштын көчмөндүк-патриархалдык чөйрөдөн жогору көтөрүлүп чыккан даанышман экенин айгинелейт. Молдо Багыш өз улутташтарынын архаикалык дүйнө кабылдоонун алкагынан чыгуусун, кыргыз коомунда аң-сезим бурулушунун болушун эңсеген. Адамдардын көнгөн адаттар, көөнө түшүнүктөр менен жашай бербей, колу-бутту байлаган "тушамыштарды" үзүп, өзүнүн жаңы чыйырын табышын тилеген тура.

Акындын «өзгөлөрдү туурабай, өзүңчө чыйыр салып өт» деген саптары – бул ошол кезде келечекке ташталган чакырык болгон. Ошон үчүн Молдо Багыш ырынын аягында «тапкын сен издеп жаңыны, таптабай жолдун даңгырын» деп инсанга өзгөчө милдет жүктөп, өзүнүн көнүмүштөн тыш чакырык идеясына дагы бир жолу басым жасап жатат. Мурда чабылган даяр жолдун даңгырын таптоо эрдик эмес, эрдик – жаңыны издеп табууда дейт Молдо Багыштын логикасы.

Чынында эле көпчүлүк адамдар мурдагы эски, көнүмүш жолдун даңгырын таптай берүүгө көнүп алышат. Кечээ, бүгүн да бул адат уланып келет. Ошон үчүн турмуш алга жылбай, тосмодо токтоп калган суудай кирдеп, стагнация боло берет. Качан гана адамдар жаңыны издеп тапканда, коом турмушунун «ташы өйдө кулай» баштайт. Жаңыны издеп табуунун, жаңы чыйыр салуунун мааниси – коомдун прогрессине кызмат кылгандыгында. Молдо Багыштын философиясы бизди дал ушуга алып келип такайт.

Мобуга да көңүл буралы. Өйдөдө акын «чырак болуп жангының» деп атпайбы. «Чырак» деген сөздө да чоң маани катылган. Чырак деген – айланасына жарык чачкандыгы үчүн да. Чырак бул жерде үлгү, өрнөк, маяк маанисинде берилген. Ошол сенин өзгөлөрдү туурабай өзүңчө салган чыйырың, жаңыча жолуң өзүңө гана кызмат кылган өзүмчүл жол болбосун. Ал жолдо сен башкаларга нуруңду төккөн, жарыгыңды чачкан, балбылдап жанган чырак болушуң керек. Чырак болгондо да моралдык чырак болушуң шарт. Сенин өзүңчө салган чыйырың көнүмүш жолдун даңгырын таптагандар үчүн сабак болуп, аларды ойготуп, жаңыланууга, өзгөрүүгө үндөп, маңдайында чырактай күйүп, өз турмуштарында бурулуштарды, жаңылыктарды жасоого шыктандырып тургандыгы менен баалуу болмок.

Жыйынтыктап айтканда, Молдо Багыштын бул жети сап ырында адам болуунун өзүнчө бир программасы берилген десек болот. Пенде адам деген атты кандай болгондо актайт? Көнүмүштүн кучагындагы көптүн бирөө болбой, тоо суусундай шаркырап алдыга умтулса, тоо суусундай адеп-ахлагы таза болсо гана, өзгөлөрдүн баскан изин туурабай, даяр жолдун даңгырын таптабай, өз чыйырын сала билсе, ошол өзү тапкан жолдо чырак болуп күйүп, адамдарга жарыгын чачса гана, башкаларга жаңыны издеп табууга, жаңыланууга дем берип турса гана адам бу жарык дүйнөгө келген миссиясын аткарып, адам деген атын актай алат. Ушундай тагдыр күтүүгө ар бир пенде умтулушу абзел. Молдо Багыштын поэзия аркылуу бизге ыроологон осуяты ушундай. Анын талдоого алынган ырына терең үңүлсөк, өзүн-өзү өзгөртүүнүн багыты берилиптир.

Чындап ойлонгон адамга өз тагдырын өзгөртүп, жаңы кадамдарды жасоого шыктандырган жана ошондой эле канткенде адам уулу адам болорун, жаран болорун туюндурган даанышмандык, тоолордон, тоо суусунан өзүн бөлүп карабаган, тоо суусун нравалык-поэтикалык символика катары тутунган тоолук акындын колориттүү фигурасын көрүп суктанасың.

Жаңылан, өзүңдү өзгөрт, жаңыны издеп тап, кедей адам, бай адам, күтүүсүз кадам деген сыяктуу акыл-насыятты биз чет өлкөлүктөрдөн издейбиз, алардын китептерин инновация, үлгү катары кыргызчага которобуз. Ал эми өзүбүздүн коломтобузда турган кайталангыс, нукура идеяларды байкабайбыз. Чет өлкөлүктөрдүн китептеринде акча жасоо жагы көп айтылат. Ал эми нравалык жактан жаңылануу жөнүндө кеп болбойт. Ал эми Молдо Багыштын жогорудагы даанышман ырында жаңы чыйыр салуу, жаңыны издеп табуу, тоо суусундай таза моралдык-этикалык, адептик-ыймандык жаңылануу менен коштолгондо гана мааниге ээ болот. Молдо Багыштын бул философиялык осуятын бүгүнкү биздин ар бир жараныбыз, ар бир депутат, ар бир саясый партия көңүл борборунда кармаганы оң.


Советбек Байгазиевпрофессор-публицист 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер