Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлсана Бапаева: “Экинчи толкун болбойт, организмде калган вирустар ойгонот”

Гүлсана Бапаева: “Экинчи толкун болбойт, организмде калган вирустар ойгонот”

19-сентябрь, 17:58
13 270 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Гүлсана айым, оор күндөрдө көп адамдарды куткарып, коронавирус дартынын ийне-жибине чейин билгендей болдуңуз. Экинчи толкун тууралуу эмнелерди айтасыз?

-- Экинчи толкун болбош керек. Мисалы, ысыкта тамырларда кан жакшы айланып, адамдагы шлактар чыга баштайт. Ал эми суукта тамырлардагы кандын жүрүшү басаңдап калат. Булчуң дагы суукта жыйрыла түшөт дагы, кан айлануу жүрбөй калат. Кан айлануу жайлаганда организмде вирус ойгонот. Ошондон иммунитет түшүп кетип, адамга кирген вируска жан кирет. Адегенде эле тамак оорудан башталат. Чүчкүрүшөт. Грипп болушат. Герпес деген учук оорусу козголот. Вирус организмге киргенден кийин көпкө калганга аракет кылат. Биз азыр “адамдардагы вирустун баары денеден чыгып кетти” деп айта албайбыз. Укол алдык. Организмдерди күчтөдүк. Ошондо биздеги вирустар уктаган калыпта калып калды. Ал бизге зыян бербеген калыпта организмде жүрө берет. Ошолор суук мезгилде кайрадан жанданып, жашаганга аракет кылат дагы, оору күчөп кетет. 

“Экинчи толкун” деген сөздү “вирустардын кайрадан организмде жанданып алышы” деп түшүнөм. Суук түшкөндө, иммунитет басаңдап калганда кайрадан вирус жанданып, кайрадан дарттын белгилери пайда болуп калышы мүмкүн. Ошондо оору күчөп кетиши ыктымал. Бул – вирус башка жактан келип, кайрадан башталат (!) деген түшүнүк эмес. Бул өзүбүздө эле жүргөн вирустар суукта жанданып алып, ал ооруган адамдан экинчиси жуктуруп алышы мүмкүн. Суук мезгилде оорубаган адамдардын деле иммунитети түшүп кетет. Ошондон улам оору күч алат. 

-- Учурда сизге кандай дарттар менен кайрылышууда?

-- Коронавирус басаңдады десек болот. Учурда ошол дарттан запкы жегендер кайрылып жатышат. Коронавирустун калдыктарынын симптомдору – негизинен эки далынын ортосу ачышат. Кээ бир адамдар ушул күнгө чейин тердейт, алы кетет. Кичине басса эле чарчап калат. Айрымдардын көкүрөгүнүн ачышканы, көкүрөгү менен толук дем ала албай калганы али кете элек. Бирок, бул илдет менен кайрылгандар азайды. Жай айында адамдын коргонуу реакциясы күчтүү болуп, бул оорудан чыгып кеттик. Эми суукта дарттан Кудай сактасын!


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер