Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ташиевдер чоңойгон үй жана ата-энесинен калган бир бөлмө байлык

Ташиевдер чоңойгон үй жана ата-энесинен калган бир бөлмө байлык

30-октябрь, 13:37
1 658 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурда коомчулуктун көңүл чордонундагы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир туугандары үчүн ата-энесинин кийимдери, колдонгон буюм-тайымдары сакталган үйүндөгү бөлмө бийик турат. «Кимдир бирөө үчүн бөлмөдөгү буюмдар эски болушу мүмкүн. Бирок бул биз үчүн баа жеткис байлык» деп түшүндүргөн Казыбек Ташиев Turmush басылмасынын кабарчысына музей сыяктуу буюмдар сакталган бөлмө, ата-энеси курган турак жай тууралуу айтып берди.

Бир туугандар Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагынын Таш-Дөбө айылында турушат.

Агасы Камчыбек Ташиев атасы курган үйгө бир кылымдай убакыт болсо да ушул кезге чейин аны бузбай, ошол бойдон сактап жүргөнүн айтты.

«Биз көп бир тууганбыз. Апам 16 бала төрөп, анын бешөө чарчап калган экен. Ошентип апам менен атам 11 баланы чоңойтуп, эрезеге жеткирди. Атам колхоздо сугатчы, апам пахта терип иштеген. Балалыгыбыз талаада өттү. Таң атпай атам, акелерим менен кетмен көтөрүп, талаага жөнөчүбүз. Биздин үй-бүлө ошол кезде гектарлап пахта, тамеки өстүрчү элек. Биз тамеки орсок, аны Камчыбек акем этеке салып, үлүштүн баш жагына ташычу. Кечкисин үйгө келип, баягы оруп келген тамекини бирден тизип чыкчубуз. Атам бизди ак эмгектин арты менен бакты. Бир учурда 5 студент окутту. Атам ар 10 күн сайын колхоздон эгин сугарган аянтына жараша 25 сом акча алып, аны баарыбызга бөлүп берчү.

Апам болсо үйдө нан бышырып, үй тиричилиги менен гана болчу», - дейт ал.

Камчыбек Ташиев 11 бир туугандын жетинчиси болсо, Казыбек мырза тогузунчусу.

«Тагдыр экен, атам эрте каза болуп калды. Акем эл өкүлү болгонун көрө алган жок. Ал эми апам кийинчерээк өттү. Азыр биз чоңойгон үйдүн короосунда Камчыбек акем жашайт. "Атам кыштан курган үй" деп, биздин балалыгыбыз өткөн үйгө тийген эмес. Азыр да үй ошол формасында турат. Бир да жерин өзгөрткөн эмеспиз. Жөн гана сыртынан заманбап кылып оңдоп койгон. Андан дагы ата-энем колдонгон буюм-тайымдар, алардын кийимдери, жада калса ата-энем уктаган жууркан-төшөктөргө чейин баарын ошол бойдон сактатып койгон. Атайын бир бөлмөдө турат. Үйгө келген сайын атам жасаган эски сөөрүгө атам менен апам жаткан жууркан-төшөктөрдү салып уктайт. Кимдир бирөө үчүн бул эски төшөк болушу мүмкүн. Бирок бул биз үчүн, өзгөчө агам үчүн баа жеткис байлык. Мына, апамдын көйнөгүн да көрүп турасыңар, кирдеп калгансып турат. Бирок жуудурбайбыз, бизге таберик», - деди ал.

Казыбек мырзанын сөзүнө караганда, жууркандарына да ийне тийгизбестен сакталып келет. Бир туугандар келген сайын дал ушул бөлмөгө киришет.

Кийинчерээк Ташиевдер чоңойгон короодо заманбап эки кабаттуу үй тургузулган. Анын жанында ата-энеси курган турак үй турат.


“Турмуш”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер