Акыркы кабарлар
» Саясат » Акылбек Жапаров Россияга элчи болууну суранабы?
Акылбек Жапаров Россияга элчи болууну суранабы?
02-декабрь, 18:03


Соңку убакта өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун отургучу солкулдап, кызмат ордунан кете турганы болжоно баштады. Албетте, тар чөйрөдө талданууда. Келечеги кемтиле баштаганын сезген Акылбек Үсөнбекович кыйпычыктап, эртеңки тагдыры ташка жайылып калуудан коркуп, айласы куруп бараткандай. Бизге жеткен маалымат боюнча, ал Россияга элчи болууну суранып, жылуу-жумшак орун которуп кетүүгө деле кайылбы? Эгерде төбөлдөрдү ынандыра алса, ушул өңүттөн көздөгөнүнө жетиши мүмкүн. Дагы бир олуттуу маселе: Камчыбек Ташиевдин чеңгелинен кантип оңой-олтоң суурулуп чыгып кетет болду экен? Көмүскөдө кыйчалыш суроолор көп да...
"Азия Ньюс" гезити











