Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ректор Айгүл Абдраева окутуучулар жамаатын нааразы кылып, жагымсыз ишин улантууда

Ректор Айгүл Абдраева окутуучулар жамаатын нааразы кылып, жагымсыз ишин улантууда

28-июнь, 09:00
915 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
“Кимдин кимдин заманы” дегендей, жаңы бийлик келгени Айгүл Абдраеванын күнү тууп, ташы өйдө кулады. Адегенде коррупционер министр Алмаз Бейшеналиев өзүнө орун басар кылып алды. Андан кийин Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университетине проректор кылып дайындады, көп өтпөй ректор болуп калды. Мунун баардыгы космикалык ылдамдыкта болду. Эми “таланты” болсо өсө берсин. Ал ректор болгондон бери бул университетте кадр саясаты катуу жүргүзүлүп, кафедра башчылары, декан, директорлордун “башы” ыргып, айтор, өз командасын топтоп жаткан сыяктуу. Анысына деле эч ким каршы эмес, боло жүргөн иш да. Эң кызыгы, бул ректор профессордук-окутуучулар курамынын рейтингин түзүү буйругун чыгарып, “билим берүү министрлигинин жана КР президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын акыркы үч жылдагы гана төш белгилери жана ардак грамоталары жарайт” деген чечим чыгарыптыр. “Укмуштуунун төөсү жорго” деген ушул эмеспи? Болбосо министрликтин жана улуттук тил комиссиясынын сыйлыктарын жокко чыгарганга Айгүл Абдраевга ким укук берди? Сиңирген эмгегине, таман акы маңдай терине жараша бул мамлекеттик мекемелерден сыйлык алган профессордук-окутуучулук курам буга бир чети таңгалып, дээрлик сыйлыктарга деле ушул университеттин окумуштуулар кеңеши тарабынан көрсөтүлгөндүктөрүн каңкуулап жатышат. Жагымсыз иши нааразычылыкты күчөтүп, талкуу жаратууда. “Реформатор” ректор буга эмне дейт? 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер