Мирлан Самыйкожо, ЖК депутаты: “Студенттен акча алып баа койгон мугалим – өтө чоң кылмышкер”


-- Мирлан мырза, ЖМКлардагы маалыматтарга караганда, билим берүү министрлиги “Бузуулар” жөнүндөгү кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатыптыр. Ага ыйлайык, эгер директор окуучуну себепсиз мектепке албай койсо 15 миң, а эгер мугалимдер окуучулардан мыйзамсыз акча чогултса 17 миң сомдон айып төлөшөт экен. Сиздин оюңузча, бул чаралар канчалык натыйжа берет?
-- Бүгүнкү күндө биз ооздуктамайын ээ бербей калган заманга кетип бараткандайбыз. Сөзсүз ооздугун бекем тартып, жүгөн салыш керек болуп калды. Карабайсызбы эми, бул мугалимдерге жетпеш керек эле да... Мугалимдердин арасында дагы ушундайлар болгону үчүн мыйзамга атайын өзгөртүүлөр киргизилип, аларга да ошондой айып пулдарды салуу каралып жатат. Демек, буга чейинки чаралар натыйжа берген эмес. Ар бир ата-эне баласын мектепке киргизгенге муктаж. Бирок, бала ошол райондо жашаганына карабай, директор аны мектепке албай жаткан болсо, сөзсүз жазаланышы керек. Бул туура эле го деп ойлойм. Ар кандай жолдор менен башка бирөөлөрдүн балдарын киргизип, карапайым адамдын баласы мектепке кирбей калбашы керек да. Билим берүү боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип жатканда биз өтө абайлашыбыз керек. Себеби, билим берүүнү мамлекеттин өзөгү катары айтсак болот. “Бир алымдан эт кетет, бир сүйлөмдөн кеп кетет” деген кыргыз. Бир эле жерди туура эмес кылып алсак, ал чирип баштайт.
-- “Мугалимге жетпеши керек эле” деп педагог эң кадырлуу, барктуу кесип (!) деген көз караш менен айтып жатасыз да. Бирок, соңку жылдарда билим берүү тармагы абдан коррупциялашып кеткенин кантип танабыз?
-- Ушул сөз айтылбашы керек эле да негизи. Ушуга жетип калдык. Пара менен кармалып аткандар, интернет булактарга чыгып калгандар... Ушунун баары мугалим жасай турган жорук эмес да! Менин айтайын дегеним, мугалимдер ушунчасында токтоп, өздөрүнүн агартуучу экенин билиши керек. Мамлекет мугалимдерге кам көрүп, маяналарын көтөрүп жатпайбы. Мугимдер да өздөрүн оозуктаганга, адептүү алып жүргөнгө, мектептин ичинде бут кийим, идиш сатпаганга милдеттүү. Эркек мугалимдерибиз спорт залдын артында окуучулар менен тамеки тарткандан, студенттен акча алып зачет койгондон уялышы керек. Студенттен акча алып баа койгон мугалим – өтө чоң кылмышкер. Анткени ошол окуучу же студент эртең мамлекеттик бир кызматта иштеп калат. Мен жаман көрүнүштөрдү мугалимдерге дагы эле ыраа көргүм келбейт. Бирок, көрүнүп атат да...
-- Кандай ойлойсуз, мугалимдердин азыркы маяналары жетиштүүбү?
-- Жетишсиз. Мугалим дагы эне, ал дагы ата, анын да үйүндө көйгөйү бар. Бирок ошонун баарын таштап коюп, биздин балдарыбызга билим берем деп мектепке келип атат да, туурабы? Мугалимдин башында ар бир баланын кыял-жоругу, тапшырмасы, окуу программасынан башка көйгөй болбошу керек. Ошондо билим берүүнүн сапаты жогорулайт. Антпесек көрүп атпайбызбы, түшкө чейин мугалим болуп, түштөн кийин базарда отургандар бар да. Агартуучулардын айлык акысын жакшы деңгээлге көтөрүп ала турган болсок, келечекке чоң үмүттөнүп жашай алабыз. Бирок, мугалим да талапка жооп бере алгандай болушу зарыл. Ошон үчүн мугалимдин деңгээлин жогорулатуу боюнча жакшы иштер жүрүшү керек. Билим берүү системасы – бул биздин өзөгүбүз. Биз эртең дүйнөнү билим менен багындырабыз, билим менен келечекти көздөй алга басабыз. Эгер азыркы эле калыпта кете бере турган болсок, кара жумушчулардын гана катарын толуктап калышыбыз мүмкүн. Мектепти бүткөн кулдар пайда болот дагы, иш издеп чет жактарга чыгып кете берет, башында эчтеке жок болсо.










