Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Искендер Шаршеев, экономист: “Бизде каражат той-топур, шаан-шөкөт сыяктуу керексиз нерселерге көп кетет”

Искендер Шаршеев, экономист: “Бизде каражат той-топур, шаан-шөкөт сыяктуу керексиз нерселерге көп кетет”

23-июнь, 18:08
1 087 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Искендер мырза, кечээ жарыяланган расмий статистикага ылайык, Кыргызстандын экономикасы өсүп жатканы айтылды. Бирок ошол эле учурда элдин жашоосу оор, жакырчылык күчүндө бойдон калууда. Бул көрүнүштү кандай түшүндүрсө болот? Экономика өсүп жатса, эл эмнеге жакырчылыктан чыга албай кыйналууда?

-- Негизи «кыйналуу» деген түшүнүк көбүнчө психологиялык көрүнүш. Көп учурда адамдардын мотивациясы туура эмес коюлуп, чыгашаларын туура башкара алышпайт. Бизде, тилекке каршы, акча каражаты той-топур, шаан-шөкөт сыяктуу керексиз нерселерге көп кетет. Импульстук сатып алуулар дагы ушуга кирет. Эгер ошол акчаны билимге, кошумча киреше алып келчү жөнөкөй бизнеске же өндүрүшкө, мисалы, кичинекей станокко инвестиция кылсак, анда элдин абалы да өзгөрмөк.

Инфляция – бул токтобогон, глобалдык көрүнүшкө айланып калды. Дүйнө жүзүндө баалар өсүүдө. Келечекте дүйнөлүк валюта системасында чоң өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Мисалы, бүгүнкү 1000 сомдун наркы келечекте 100 сомго барабар болуп калат деген сыяктуу. Мындай инфляциялык басымдар мындан ары да улана берет. Ага туруштук берүүнүн жалгыз жолу – бул экономикалык жана адамдык капиталды өнүктүрүү.

Адамдык капитал дегенде биз адамдардын билимин, квалификациясын түшүнөбүз. Жогорку билим, кесипкөйлүк – бул адамдын жасаган товарларына кошумча нарк берет. Дал ошол нарк бизди дүйнөлүк рынок менен байланыштырып, экспорт-импорт аркылуу өнүгүүгө чыгарат. Ошондо гана эл кыйынчылыктан кутула алат.

OGAN уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда киши башына ИДП (ВВП) 3500 долларды түзөт. Дүйнөлүк банктын маалыматында 2500 доллар. Бул көрсөткүчтөр дүйнөлүк стандарттар боюнча өтө төмөн. 

Ооба, мурдагыдай катуу жакырчылыктан бир аз арылгандай болдук. Бирок “жашоо жеңилдеди, жолубузду таптык, жаштар дүйнө жүзүндө бизнес кыла баштады” деп айтууга азырынча эрте. Биздин чыныгы максатыбыз – ошол деңгээлге жетүү.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер