Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Бообек Ажикеев жаратылыш кырсыктарына кайдыгерби? Таңгаласың...

Министр Бообек Ажикеев жаратылыш кырсыктарына кайдыгерби? Таңгаласың...

09-июль, 10:01
513 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ноокаттагы сел бийликтин дараметин көрсөтүп койду. Ташкын суудан коргологон миңден ашык эл бир күндөн кийин тоодон куткарылды. Каза болгон мекендештерге кейийсиң. Бул арада өзгөчө кырдаалдар министрлиги эртеси күнү кыймылдады. Баракелде! А эмне үчүн оперативдүү чаралар көрүлгөн жок? Таңгалычтуу жагдай. Министр Бообек Ажикеев каякта жүрдү? Иштебесе эс алууга кете бербейби? Эмнеге мынча ыңгайсыздык жаратат? Быйыл канча деген жаратылыш кырсыктары катталып атат, бир жерге барганын көрдүкпү? Айтор, көп суроолор бар. Сөз коротуп не? “Сууну да сиңген жерге куй” демекчи, тоготпогон жетекчиге айтып бекер. Бообек Ажикеевге премьер-министр баш болуп, эч кимиси унчуга албаса, таасири ташты жарабы? Мындан да кыйынсынган жетекчилерди көргөнбүз, баары өтүштү. Бирок алар элге текеберленип, керкейишкен эмес!  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер