Азат Марат: “Пандемияда кирешем өстү”
Кыргызстандык креативдүү ишкер Азат Марат Бишкекте туруп, бүт өлкөгө иштейт. Дарыгерлердин катасынан улам Азат церебралдык шал оорусуна (ДЦП) чалдыгып, 12 жашына чейин баскан эмес. Учурда ал англис жана орус тилдеринде кызыктуу, актуалдуу жарнамалык тексттерди жазат. Азаттын тексттери дүйнөдөгү белгилүү журналдарга басылып чыгат. 30га чукул түстүү журналдардын арасында “Calvin Klein”, “GQ style”, “Glamour”, “Conde Nast” Россиянын жана Улуу Британиянын “Vogue” журналдары бар.
Креативдүү иштеп чыгуучу
-- Өзүмдү “кретивдүү разработчикмин” деп айтканды жакшы көрөм. Мен контент жаратуучумун, бул “чоң команданы жетектейт” дегендей угулат, бирок бул андай эмес, мен копирайтермин, чет элдик журналдарга жарнамалык тексттерди англис тилинде, Кыргызстанга жана Казакстанга орусча жазам, алтымыш пайызы англисче, кырк пайызы орусча болот. Баардык өмүрүм компьютерде иштөө менен өтүп жатат. Мен алектенген контент ар дайым актуалдуу болушу керек. Мисалы, интернетте мода дүйнөсүнө тийешелүү болбогон саясый чөйрөдөгү мемдер пайда болсо, ошолорду колдонуп, аудитория менен пикир алышуу учурун кармап калууга аракет кылып, креативдүү текст ойлоп табам.
Дем берүүчү дубал
-- Бул дем берүүчү доска, дубал. Бул жерде менин командам, жеке мен урматтаган, иштешкен журналдар бар. Баардыгы эмес, тилекке каршы, бирок көпчүлүгү. Баары бир алар менен кызматташкым келет. Сүрөттөгү Риана, Бейонсе жана башка каармандар шыктандырып турат. Бишкекте чындык менен жашайсың, кээде кайгы басат. Ошондой учурларда береги дубалды карап, күч алам. Бул адамдар да качандыр бир кичинекей эле нерседен башташып, дүйнөлүк деңгээлге суурулуп чыкканга жетишти. Ушундай сезимдер менен жумушумду уланткым келет. Бир жыл мурун менде да башка жакка кетүү мүмкүнчүлүгү жаралган. Ал жактан жакшы шарттар болорун түшүнгөм. Бирок, карантин башталганда эч ким эч жакка кете албай, сен каякта, эмне иш кылып жатканыңдын мааниси жок болуп калды. Тандоо жок. Миландабы, же кайсы бир айылда экениңдин айырмасы жок эле.
Бренддер менен азыр деле иштешем
-- Акыркы текстти 2020-жылдын февраль айында жөнөткөм. Андан бери бир жыл өтүп кетиптир. Ал материал Британиянын “Воуг” журналынын ноябрдагы санына басылып чыкты. Азыр деле бренддер менен иштешем. Косметика өндүргөн бир компания менен келишим бар. Алар үчүн текст жазам. Бирок, аны ачыкка чыгарганга болбойт келишим боюнча.
Пандемияда кирешем өстү
-- Чындыгында ковид учурунда башка жылдарга салыштырмалуу менин кирешем өстү. Буга, албетте, көп жылдардан бери топтолгон тажрыйба, индустрия тармагындагы мага болгон ишеним таасир этти. Мен эмгектеримди көбүрөөк акчага баалай алам. Ошондой эле белгилүү бренддер
менен түз иштешкеним да буга себеп болду. Ошол эле учурда мүмкүнчүлүктөр азайды.
Анархан Алтымышова
"Азия Ньюс" гезити