Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бийликке карата маанай эки тараптуу, кубаттоо менен катуу сындар да айтылууда”

“Бийликке карата маанай эки тараптуу, кубаттоо менен катуу сындар да айтылууда”

26-ноябрь, 17:00
734 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Эки достун” ишмердигине коомчулуктун маанайы кандай? Колдоо, колкабыш кылуу байкалабы, же?..

Ишенгүл Болжурова, экс-министр:

-- Бул суроого социалдык сурамжылоо керек жана ашыкча болмок эмес. Бирок, коомчулук назарында. “Эл үчүн иштеп атышат. Чапкылап, чет өлкөдө, бир карасаң облустарда эл менен кезигүүдө. Жолдор, ишканалар салынып, пенсия, айлык акы көбөйүп атат” дешүүдө. Мындан сырткары, башка жактан келген президентер да жакшы баа берип атышат. Көптөгөн эл аралык жыйындар байма-бай өтүп атканын, анын натыйжалуу жыйынтыктарын көпчүлүк жактырганы байкалат. Ошондой колдоо менен жер-жерлерде жаштарды тартипке салышып, жасап жаткан иштерин өзгөчө жоопкерчиликтүү мамилеге үндөшүүдө. Бул менин укканым...

Аширбек Бакаев, генерал-майор:

-- Досчулук адамдардын жеке иши. Анан мамлекеттик дэңгээлде “эки дос” деп жогорку бийликтегилерди айта берүү, менимче, аша чапкандык, туура эмес көрүнүш деп эсептейм. Ошон үчүн достордун иши, мамилеси ал жеке өздөрү үчүн.

Чийкирээк журналистпи, карт журналист болобу, алардын жазгандары коомчулукка ар кандай таасир берет, алардын деңгээлин көрсөтөт, баа берилет. Андыктан, ушу кесиптегилер маданияттуулуктун, нарктуулуктун бийик кырына өтүп, мамлекеттүүлүктү сыйлоону көрсөтүп жүрсө, жалпы коомубуздун өсүү, өнүгүү деңгээлин көтөрүшөт эле.

Улан Рысбеков, полковник:

-- Садыр Нургожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевичтин ортосундагы мамиле – бул илгерки элибиздин “Ынтымак бар жерде ырыс бар” деген сөзүндөй эле таасир берип, далилденди. Мамлекеттик жогорку деңгээлдеги адамдардын эриш-аркак иштөөсүндө кандай гана жакшы өзгөөрүлөрдү көрүп атабыз. Мунун баары коомчулукка кашкаюуда. Бир эле борбор калаабызда эмес, керек болсо алыскы региондордо жолдор оңдолуп, аны менен бирге элдин жашоосу оң нукка багыт алды. Адамдардын патриоттук сезимдери көтөрүлдү. Жумушсуздук кыйла азайды. Айлык акы, пенсия жогорулап, “эки достун” эл аралык аренада кадыр-баркы көтөрүлүп атат. КМШ мамлекеттер арасында башчыларыбызга сый-урмат кыйла жогорулады. 

Артур Медетбеков, коомдук ишмер:

-- Учурда бийликке карата маанай, аларга айтылган пикирлер эки тараптуу, муну ачык айтыш керек. Коомчулук бийликтин жасап жаткан туура, адилеттүү иштерине колдоо көргөзүп, көп учурда аларды кубаттап, ошону менен бирге колкабыш кылуу аракеттерин жасап жатканы айтпасак да байкалып турат. Кайсы бир учурда позитивдүү иштердин болуп атканына жер-жерлерде өздөрү даңазалап, калың элдин катмарынан баарыбыз көрүп калуудабыз, мындайлар да жок эмес. Ал эми башка тарабы, же экинчи жагы окуяларга, анын ичинде чек ара маселеси, салык көйгөйү, Кыргызстандын жерлери боюнча бийлик тарапты катуу сынга алышууда. Албетте, коомчулукта ушундай ар кыл көрүнүштөр боло берет, бирөөнө жаксаң, экинчисине жакпайсың дегендей. Мындан сырткары, тиги же бу жак менен иши жок. Баардык болуп аткан жагдайларга кайдыгер карагандар жок эмес. Демек, кандай болбосун коомдогу өзгөрүүлөр мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнө чоң таасирин тийгизет жана ошонун натыйжасы келечекте үзүрүн берет деген ишеничтебиз. 


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер