Акыркы кабарлар
» Саясат » Президенттин администрациясы маалыматтык күрөштөн утулууда
Президенттин администрациясы маалыматтык күрөштөн утулууда
04-октябрь, 09:00


Баткен согушу, тажиктер менен алака, бийликтин жүргүзгөн саясаты, деги соңку кырдаалдын алкагынан алганда, жалпы таризде кандай көрүнүп атат? Президенттин администрациясы маалыматтык күрөштөн журналисттерге, блогерлерге утулуп, күндө эле коомчулукта ызы-чуу. Мындай шартта Садыр Жапаров айланасына саресеп салып, кадр саясатын жаңылоо менен профессионалдарды кесипкөйлүгүнө жараша кызматтарга алышы зарыл. Башкаруу багытын, айрыкча маалыматтык күрөштөгү ыкмасын өзгөртүшү керек. Чала сабаттар, тажрыйбасыз, билимсиздер жарга түртүп баратышкандай. Жакшы ниетти, эл үчүн кызмат кылууну булгап койгондорду кантебиз? Натыйжада, баары эле кашкайып калды. Өзгөрүү зарыл. Эртең кеч болуп калбайбы?
"Азия Ньюс" гезити











