Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жантөрө Сатыбалдиевден кагуу жеген Эмил Узакбаев оңолбойбу?

Жантөрө Сатыбалдиевден кагуу жеген Эмил Узакбаев оңолбойбу?

18-июнь, 08:16
559 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кезинде Үсөн аке Сыдыков оппозицияны көркүнө чыгарып, Аскар Акаевге каршылык көрсөтүп жүрчү. Бара-бара түштүктүн аксакалы катары өз ордун таап, баарын башкарып, тескеп турганы эсибизде. Олуттуу маселеге келгенде, аны менен эсептешпей турган адам болчу эмес. Айталы, Үсөн аке кандай буйрук берсе, Исмаил Исаков, Досбол Нур уулу сыяктуу саясатчылар сөзүн эки кылышпай ийилишип, ишке ашырып турушчу. Мунун өзү ага карата сый-урмат эле. 

Мезгил токтоп турбайт экен да. Ошентип, Үсөн акенин көзү өтүп, кыйла жылдан бери орду бош турат. Иш жүзүндө аны туурагандар көп. Бирок окшошпойт. Маселен, Эмил Узакбаев түштүктүн аттуу-баштууларын уюштуруп (мындай элди бөлгөн аракетин убагында сынга алганбыз), чай берип, бир топ убакыттан бери далбастап жүрөт. Анан калса, бийликке ким келсе эле келиндей жүгүнүп, жагалданганын койбоду. Өткөн жылы Камчыбек Ташиевди коргоо уюмун түзүүгө ашыгып, бирок кагуу жеп, тилеги тамамдалган. Кызыгы, туура логикадан алганда, УКМК төрагасы баарына үстөмдүк жасап, ийлеп-ийлеп атса, тескерисинче, андан коргонуу керек да... 

Өткөн айларда Бакыт Төрөбаев айыл чарба министри болсо, адатынча Эмил Узакбаев түштүктүн аксакалдарын топтоп, ырым кылып түндүктөн Туйгунаалы Абдраимовду кошуптур. Жоон топ тыңчыкмалар Бакыт Төрөбаевди куттукташып, алкоо сөздөрүн айтышып, бата да беришет. Мындайда көкөлөтүшөт эмеспи. Акырында баары тарагандан кийин мырза мүнөздүү Жантөрө Сатыбалдиев: “Эмил, өзүң дежурный болсоң эле бизди да кошоматчы кыласыңбы?” деп кесе сүйлөптүр. Кагуу жеген Узакбаев кызыраңдап, желкесинен бери тер куюулганы кызык бекен? Натыйжада, сөзгө жыгылып, Жантөрө акенин астына түшкөнүн уктук.

Ток этерине келсек, Эмил Узакбаев маркум Үсөн Сыдыковдун ордун баса албай, масштабдуу алкактагы аксакал боло албай, мукурап жүргөн кези экен. Татыктууларга орун бошотпой, же өзү тыңдап алып кете албай, башкаларды да кыйнай береби? Биздин баамыбыздан алганда, аксакалдык атка нарк билген Жантөрө Сатыбалдиев татыктуу болуп жүрбөсүн? Өкмөт башчылыкка чейин өсүп жеткени, Сокенин адилетсиздиги үчүн эки жылдан ашык түрмөдө отурса да “сынбаганы”, деги эле кашкөйлүгү бар эмеспи...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер