Жодар Сайдилканов: “Чын жүрөктөн түрк боордошторду куткарып жаткандар алкышка татыктуу”


-- Боордош түрк элине болгон мамилебизге, жардамдарыбызга кандай көз караш, пикириңиз бар?
-- Өткөн аптада бир тууган Түркиянын түштүгүндө болгон катуу жер титирөөдөн кийинки эбегейсиз кыйроого, гуманитардык апаатка дуушар болгон аймакка Кыргызстан дароо эки куткаруучу топту, аны менен бирге 100дөн ашуун бозүй жиберүүсү кайрымдуулуктун, боордоштуктун, биргеликтин өзгөчө жышааны катары көрүлөт. 1991-жылы эгемендигибизди биринчи болуп тааныган Түркиядан буга чейин жалаң эле жардам алып келген абалдан кам көрүүгө өттүк. Өзгөчө Түркияда эмгектенип жүргөн биздин жарандарда өлкөсү менен сыймыктануу мүмкүнчүлүгүн жаратып, патриоттук сезимдерди ойготтук.
Албетте, буга чейин 5 миң кыргыз студентти Түркияда бекер кабыл алып, өлкөбүздүн булуң-бурчуна кыргызча, англисче окуткан мектептерди, сапаттуу билим берген Кыргыз-Түрк “Манас” университетин салып, 30 миңден ашык бүтүрүүчүлөрү менен жаңы муун кыргыз тилдүү улуттук интеллигенциянын түптөлүшүн камсыз кылганы алкоого арзыйт. Аскердик куралдарды, жабдууларды жөнөтүп, коргонуу потенциалын жогорулаткан, ал эле эмес заманбап ооруканабыздан улуттук музейибизге, борбордук мечитибизге чейин бекер салып бергени ырас. 2023-жылы ички дүң продукциясы 1 триллион долларга жакындап, дүйнөнүн 12-ири экономикасына айланган боордош Түркиянын жардамдарынын жанында биздин бул жардамыбыз көлдөгү бир тамчы. Бирок башына ушундай оорчулук түшкөндө бирге болуу, кыргыз куткаруучулардын жандили менен чын жүрөктөн, өз жандарын тобокелге салып, болгон күчү менен аракеттенип, түрк боордошторду куткарып жаткандары алкышка татыктуу!
"Азия Ньюс" гезити











