Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » БШК парламенттик шайлоону жылдыруу маселесин кароодон баш тартты

БШК парламенттик шайлоону жылдыруу маселесин кароодон баш тартты

15-июль, 12:54
509 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоону кийинкиге калтыруу маселесин кароодон баш тартты. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди. Анын айтымында, бул сунуш 2020-жылдагы парламенттик шайлоону өткөрбөө жөнүндө эмес, кийинкиге калтыруу жөнүндө. Анткени учурдагы эпидемиологиялык кырдаал аларды 4-октябрда өткөрүүгө жол бербейт.

«Партиялардын өз курултайларын жана үгүт иштерин кандайча өткөрөрү белгисиз. Чет өлкөдө, ошол эле аймактарда пандемия мезгилинде добуш берүүнү кантип уюштурарыбыз туңгуюк» дейт Атыр Абдрахматова. 

Анын пикиринде, шайлоого күрөөгө коюлган каражаттарды коронавирус жана пневмония менен күрөшүүгө багыттоо керек. Бирок БШКнын мүчөлөрү кесиптешин колдогон жок.

Белгилей кетсек, буга чейин бир катар парламент депутаттары жана коомдук ишмерлер эпидемиологиялык абалды эске алып, өлкөдө өзгөчө абал киргизүү аркылуу парламенттик шайлоону жылдырууну сунуш кылышкан. Социалдык түйүндөрдөгү талкууларда бул демилгени колдогондор да, «эпидемия учурунда шайлоо өткөрүү элди сыйлабастык болот» дегендер да бар. БШК болсо шайлоону эпидемияга карабастан өз убагында өткөрүү демократиялык өлкө үчүн маанилүү талап экенин билдирип жатат. Бирок, ошол эле учурда БШКнын сунушу менен Кыргызстанда 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо жылдырылган. Бул шайлоолордун тагдыры учурда белгисиз калууда.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер