Акыркы кабарлар
» Саясат » Элвира Сурабалдиева: «Кичинекей мыйзам бузуучулар гана жазаланып, чоңдор жазаланбай калбасын”
Элвира Сурабалдиева: «Кичинекей мыйзам бузуучулар гана жазаланып, чоңдор жазаланбай калбасын”
27-апрель, 18:50

Баткен облусундагы айылдардын биринде 20-30 май куюучу жай бар. Бул тууралуу бүгүн, 2022-жылдын 27-апрелинде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева (Биринчи Май округу) билдирди.
Анын айтымында, жергиликтүү тургундар күйүүчү-майлоочу майлардын аткезчилиги менен негизинен акимчиликтин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү алектенип жатканын айтышууда. Депутат бул эки жыл мурун барган Арка айылы экенин айтты. Анын айтымында, карапайым эл контрабанда менен айласыздыктан жана аз көлөмдө алектенүүдө. «Кичинекей мыйзам бузуучулар гана жазаланып, чоңдор жазаланбай калбашы керек» деди ал.