Жакырчылыкты кантип жуктуруп албоо керек?
Эмне үчүн мындай? Бирөөлөр ири бизнестин ээси, акчаны күрөктөп табат. Бирөөлөр күнүмдүк жашоосуна араң жеткирип жашайт. Айырма эмнеде? Психологдордун пикиринде, буга “жакырчылыктын вирусу” себеп болот экен. Анын бар экенин кантип билсе болот жана кантип жуктуруп албоо керек?
Ийгиликтүү адамдарга ичи таруу
Албетте, “аларга байлык асмандан түшүп калды, эсептеги миллиондору жөн гана жолу болгондук, алар ага татыктуу эмес” деген ойдосуз. Бирок, бактылуулардын көбү каржылык байлыкка жөндөн-жөн эле жете калышкан эмес, алардын көбү тер төгүп, өз убагында керектүү жерде болуп, аракеттенүү менен байлыкка жетишкен. Көпчүлүк миллионерлер таң аткандан кайра таң атканга чейин иштеп, кесипкөйлүк планда ар дайым өсүшкө жетишкендер. Алар 40 жашка, 50 жашка келсе дагы жаңы нерсе үйрөнгөндөн эч качан тартынышпайт. Жөн гана акчалуу кызмат, бай күйөө, атадан калган мурас менен байлыкка жете койбосуңузду аңдап түшүнүңүз. Бирөөнүн капчыгын санагандын ордуна өзүңүздүн жетишсиз жактарыңызды эсептеп, өзүңүздү жакшыртыңыз.
Жумушка барбай эле сүргүнгө кетип жаткандай
Жумуш – бул айлыкты гана күтүп отура турган жер эмес. Жумуш ордуңузду сүргүнгө кетип жаткан жердей кабыл алсаңыз, ийгиликке же байлыкка жетем деп эч качан ойлобоңуз!
Өзүңүзгө жаккан нерсени жасагандан өткөн жакшы нерсе жок. Азырынча шарт ошондой болуп жатса, жумуштун жакшы жактарын көрүүгө аракет кылыңыз.
Жашоого ар дайым нааразы болуп жүрүү
Жашоосуна нааразы болуу да жакырчылыктын вирусун жуктуруп алуунун белгиси. Жашоонун кыйынчылыктары менен анын ар кандай өзгөрүшүнөн коркуу менен олуттуу финансылык байлыкка жете албайсыз. Өзүңүздү өзүңүз аяп, “жертва” болгонду токтотуңуз!
Байлык – оптимист, өзүнө ишенген, ийгиликке жетүүгө умтулган адамдарды сүйөт.