Өлкөдө окуучулардын ысык тамагы үчүн канча каражат бөлүнөрү айтылды
Бүгүнкү күндө республика аймагындагы мектептерде 1660 ашкана жана 653 буфет бар. 1-4-класста окуган 440 миң окуучу тамак-аш менен камсыздалат. Бул тууралуу оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен кабарлашты.
Билдирүүдө айтылгандай, 1-4-класстын окуучуларына ысык тамак уюштурууга жыл сайын республикалык бюджеттен 590 миллион сомго жакын акча бөлүнөт.
"Учурда Россиянын тармактык тамактануу институту жана биздин департаменттин адистери менен биргеликте иштелип чыккан программа иштеп жатат. Анда балдардын тамактануу талаптарын, жергиликтүү салттарды, артыкчылыктарды жана аймактагы тамак-аштын жеткиликтүүлүгүн эске алуу менен 130дан ашык түрдүү тамактарды иштеп чыгышкан. Анын ичинен биринчи тамактын 36 түрү, экинчи тамактын 52 түрү, суусундуктун 11 түрү, кондитердик азыктардын 19 түрү жана салаттын 12 түрү бар.
Учурда пилоттук мектептердин 66 пайызы тамак жасоо үчүн этти, мектептердин 80 пайызы тамак-ашына сүт азыктарын колдонушат, пилоттук мектептердин кеминде 38 пайызында жумасына 4-5 жолу ысык тамак беришет, ар бир 4-мектепте башталгыч класстын окуучулары үчүн жума сайын салаттар берилет.
"Азия Ньюс" гезити