Акыркы кабарлар
» Коом » Кырсыктын кесепетинен 17 жаштагы жигит жана кыз каза тапты
Кырсыктын кесепетинен 17 жаштагы жигит жана кыз каза тапты
18-октябрь, 12:31

Кемин районунун Ударник айылындагы Ленин көчөсүндө Daewoo Nexia унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, даракты сүзгөн. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкан.
Кырсыктын кесепетинен 2004-жылы туулган жигит жана кыз каза тапты. Дагы үч өспүрүм ар кандай жаракаттарды алышты, алардын өздүгү такталууда.
Каза тапкандардын денесин унаадан куткаруучулар чыгарышып, “тез жардам” кызматы алып кетти.