Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атам мага кошулуп ыйлайт, “андай жигитке тийбей эле койчу” дейт...

Атам мага кошулуп ыйлайт, “андай жигитке тийбей эле койчу” дейт...

08-июнь, 12:08
1 163 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул окуя төрт жыл мурун болгон. Канча көз жашым төгүлдү. Атам менен апама чоң рахмат. “Кызым, биз сага ишенебиз. Эмне гана болбосун сени жакшы көрөбүз” деген сөздөрү эле мени дарылады. Курбуларым менден баш тартканына эмне дейсиңер?

Экөөбүз эки жыл кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Бул арада урушуп, кайра жарашкан күндөрүбүз көп эле болду. Акыркы убактарда тил табышып, баш кошолу деп калганбыз. Анан эле бул окуя болуп кетти.

Айылына тойго даярданганы кеткен. Ага чейин ата-энеси мага сөйкө салып, атам менен апамдар болуп той күнүн белгилешкен. Менден өткөн бактылуу кыз жок эле. Көйнөктөрүмдү тандап, салондорго жазылдым. Күн сайын жигитим менен чалышып сүйлөшөбүз. Ал дагы үйүн бүтүп калганын, жакын арада базарга барып мал аларын айтып  жатты.

Тойго туптуура төрт күн калганда чалды.

– Жаным, угуп жатам. Жакшы уктап турдуңбу? Бүгүн көйнөгүмдү алып келишет. Тигип бүтүшүптүр. Сага сүрөтүн жөнөтөм, э?

– ...Сен кыз эмес турбайсыңбы?

– Түшүнбөдүм?..

– Той болбойт! - Трубканы коюп салды. Чалсам телефонун өчүрүп коюптур. Эмне кылышты билбей туруп калдым.

Ак жерден мени бирөөлөр күнөөлөшүп, жигитиме “ар ким менен жүргөн” деп айтып коюшуптур. Жигитимдин мага эмес, башкаларга ишенгенине ыза болдум. Ооруп жатып калдым. Атам мага кошулуп ыйлайт, “андай жигитке тийбей эле койчу кызым? Оорубачы, ыйлабачы кызым...” деп жаныман чыкпайт.

Кечинде жатып, “эмнеге ушундай адам үчүн кыйналам? Кайра сүйүнүп, жыргасам болот да, туурабы? Кайдагы ушактарга ишенип ушинтип жатса, кийин мындан дагы жаман болмок го... Жок, мен өзүмдү сүйөм, минтип ата-энемди азапка салбайм!” дедим .

Таң эрте ойгонуп жуундум. Курсагым аябай ачыптыр. Жумуртка кууруп жеп отурсам, атам менен апам кирип келишти. Мени көрүп аябай сүйүнүштү.

Мен бул окуяны азыр күлүп эстейм. Эң негизгиси, жигитиме рахмат! Ошондо менден баш тартып, группалардан чыгарып койгон кыздарыма дагы рахмат. Бир-экөөнү жолуктурдум. Бактылуу болуп кетишкенин көрбөдүм. Менин жыргап жүргөнүмдү көрүшүп, көздөрүнөн көралбастыктын оту чачырайт...

Баса, азыр жигитим бар. Мени сыйлайт, сүйөт. Экөөбүз жакын арада баш кошуп, чет өлкөгө окууга кеткени жатабыз. Ата-энеси менен таанышкам. Билимдүү, заманбап адамдар экен. Сөздөн-сөз чыгып, башымдан өткөн окуямды айтып бердим. “Сынып калбаган азамат кыз экенсиң” дешти. Жигитим “муну атам берди” же “апам сага берип жиберди” деп күн сайын ар нерсе алып келет. Кудуңдап жаш баладай сүйүнөм.

Мен бул окуядан кийин өзүмдү биринчи орунга койгонду үйрөндүм. Мурда ар кимдин көңүлүн карап, жакшы көрүнгөнгө аракет кылып жүрчүмүн. Анын эч кандай пайдасы жок экен.

http://Bilesinbi.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер