Подъезден кумарга бата коюп, экөөбүздү кемпир кууп чыкканда...
Сен азыр чоң кызматта иштейсиң. Экөөбүздүн мамилебиз үзүлгөн. Эчак. Бирок, бир кездери ынак болуп, жанбирге элек. Ошол алгачкы түндү негедир эстегим келди. 14-февраль... Сонун ирмемдер…
Биз чогуу кафеде отуруп, алагүү тартканча ичтик, кызып да калдык. Түн бир оокумда сени жеткизип бардым. Чыкыроон. Подъезден ичкери кирип, сени кармалай баштадым. Кадимки эле өйдө-ылдый түшкөн тепкичтерден кичине жол бошотуп, “ишти” баштадык... Кызуулук да. Сен да эркек эңсеп турганыңды байкатып, кыналыша жабышасың. Суукка карабай тизеңен ылдый гамашыңды шыпырып, өзүмдүкүн да шаша-буша чечип, чапталыша кеттик. Темирди мыкчыган тейде “тоодак позасын” кармандың... Кирген суудай эле каккылай баштадым. Онтосоң подъезд жаңырат да, атаңгөрү... Аңгыча бир кемпир чыгып, артыбыздан кыйкырып кирди:
--Уяты жоктор! Эмне кылып атышат?! Кеткиле!..
Сенин белиңен бекем кармап, ого бетер “иштей” бердим... Эки булак бир кошулган сыңарындай, ишибизди чогуу бүтүрө баштаганда “карс” эткизе жонума бирдеме тийди. Швабра экен. Эки бөлүнүп сынып түшкөнү көрүндү. Ычкырымды өйдө көтөрө салып, бетимди жашырдым. Сен да кымтылана калдың. Качып жөнөдүк. Тиги кемпир ачуу үнүн менен:
--Акмактар! Кылып аткандарын кара! Уятсыздар! Милиция чакырбасам...-деп күңкүлдөй кала берди.
Экөөбүз көчөгө чуркап чыктык.
--Кыян, токточу? Мени таанып калган жокпу?-дедиң.
--Жо-ок, байкаган жок. Бетибизди көрбөй калды...
Ошентип, көчөдө жарым саат ар кайсы нерседен кеп козгоп, тамашалашып турдук. Соолуга да баштадык. Кайра подъездиңе узатып келдим. Акырын кирип кеттиң. Мен болсо муздак абадан кере-кере дем алып, түнкү Бишкекте жөө бараттым...
Андан кийин да бир топ убакыт жакын жүрдүк. Бири-бирибизге бат эле көнүшүп кеттик. Төшөк кумарына батууда өнөктөшкө айланганыбызчы?.. Көрсө, ал мезгил таттуу экен... Балкыган денең али эсимде...
Баса, окуп баратып эстеп... Бооруң эзилгенче күлүп атсаң керек э? Сен азыр Акүйдөсүң, а мен жердемин...
Кыян САРЫ
Aryba.kg