Акыркы кабарлар
» Саясат » Атыр Абдрахматова “чүлүктөнгөн” омбудсмен катары бааланууда
Атыр Абдрахматова “чүлүктөнгөн” омбудсмен катары бааланууда
15-апрель, 19:30


Эл омбудсменден көптү үмүттөнгөн. Бирок андай болбойт. Атыр Абдрахматова иш жүзүндө пиар менен гана алектенгендей. Аныгында укугу бузулган жарандарга жардам берүүсү арсар. Себеби, жазыксыз камалгандарды абактардан чыгарууга, тергөө иштерине кийлигишүүгө мүмкүнчүлүгү жетпейт. Органдар укпайт. Биздин мыйзамдардын татаалдыгын ушундан билгиле. Атыр айым тек гана “жарчы” сымал ырдап-бийлеп жүрө берет. Бийликке көз каранды депутаттар аркылуу омбудсмен болуп шайлаганы эмнеден кабар берет? “Чүлүктөнүп” калган образынанбы? Ток этерине келсек, Акүйдүн “айдактамасы” боюнча гана иш алпарып калбаса болду.
"Азия Ньюс" гезити











