Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Жолдошумдун биринчи аялынан да таяк жедим...”

“Жолдошумдун биринчи аялынан да таяк жедим...”

03-ноябрь, 19:31
622 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылган келин эмне себептен улам өз жанын кыюуга барганын ачыктады.

“Жылдыз Кадырова аттуу жактоочунун айынан ушундай абалга бардым. Буга чейин бир жарым жашар баламды жолдошума алдырып ийгем. Жактоочунун жардамы менен алам го деген үмүт менен жактоочу жалдагам. Ал болсо мага «балаңды кайтарып берем» деп убада берип, 50 миң сомдой акча алган. Убакыт өтүп кийин чалсам, «балаңды бербейт. Эмне кылсаң кыл, керек болсо өлүп ал!» деп одоно жооп берип телефонун өчүрүп салды. Бул мен үчүн жашоомдун токтогон чеги болгонсуду. Уулумду алып, бербей аткан Руслан Жураев экинчи жолдошум. Андан бир кыз, бир уулум бар. Ал эми биринчи никемден 4 балам бар. Экинчи турмушумдан да бакыт таба алган жокмун. Күйөөмдөн таяк жеп, кичүү баламды алдырып жибердим. Баламды көрүүгө барсамкайнатам кол көтөрдү. Кайненем «балаңды өткөрүп бер» деп коркутту. Жолдошумдун биринчи аялынан да таяк жедим. Эл Кара-Суудагы үйүмдү жолдошум берди деп түшүнүп жатат. «Бул келин баласын сатып, үй алган экен» деп колдору менен көрсөтүшөт. Ал өзүмдүн үйүм. Чындык таппай, айлам кеткенде өз жанымды кыюуга аргасыз болдум. Адамдардан адамдык сапат кетиптир. Бийлик өкүлдөрүнөн жардам сурайм» деди ал.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер