“Республика”, “Кыргызстан”... Эми “Ата Журт Кыргызстан” партиясына кызмат кылган Алимбеков

Башында “Республика” партиясынан, кийин “Кыргызстандан” депутат болгон Нурбек Алимбеков былтыркы төңкөрүштөн соң 180 градуска бурулуп, Садыр Жапаровдун командасына бажасы аркылуу өтүп кеткен. Жергиликтүү жана шаардык кеңештердин шайлоолоруна “Ата Журт Кыргызстандын” демөөрчүлөрүнүн бири катары чуркап, иниси Нурзаманды Ош шаардык кеңешине депутат кылды. “Сулуу чымчык” каймана атындагы бул эргул алаңдап, күч кайда оосо ошол жакка жер төшөк сымал төшөлүп, кызмат кыла береби? Акыл-эстүү, намыстуу адамдар Нурбек Алимбековдун кошоматына, ойт бермесине баш чайкашууда. Саясатта түз жүрүп, туруктуу позицияны кармаса не? Жо-ок, дал ушундай жагымпоздор аркы-берки жээкке өтө калышып, жеке кызыкчылыктарын, бизнестерин гүлдөтүү үчүн гана жашай беришет тура. Ушинтип жүргөндөн уялбайбы? Тапканы деле аш болбойт го?..
"Азия Ньюс" гезити