Күйөөмдү кызынан кызганып, жүрөгүм сыгылды


Мен жактырган адамыма турмушка чыктым. Анын буга чейин кызы бар экенин билчүмүн, бирок экөөбүз «үй-бүлө болуп, кийин өзүбүздүн да бала болот” деп кыялданчубуз. Биздин мамилебиз чынында абдан жакшы, бирок бир эле күндөгү эки ооз сөз бүт дүйнөмдү аңтар-теңтер кылды.
Жайында табият койнунда кайната-кайненем, туугандар, достор чогулуп, шаңдуу отуруш өтүп жаткан. Күйөөмдүн кызы атасына наздана:
-- Ато-о, сен экөөбүз жалгыз жүргөндө аябай кызыктуу болчу, - деп калды.
Аңгыча кайним тамаша аралаш:
-- Анда айтчы, кимди тандайсың: аялыңдыбы же кызыңдыбы? - деп суроо таштады.
Күйөөм ойлонуп да койбой:
-- Албетте, кызымды. Ал мен үчүн ар дайым биринчи орунда, - деп жооп берди.
Адегенде тамашага жорудум. Бирок кайра сурасам, ошол эле сөздү кайталап, “биз чогуу бактылуубуз, бирок кызым мен үчүн баарынан кымбат” деди.
Жер жарылып кетсе, жерге кирип кетким келди. Баары мени тиктеп отургандай сезилди. Жүрөгүм кысылып, бетим ысып чыкты. Жолдошум элдин көзүнчө мени эмес, кызын тандап койду. Бала ар дайым ата-эненин жүрөгүндө өзгөчө орунда турарын түшүнөм, бирок мага бул нерсе катуу тийип, таарынып калдым. Жалгыз калган сайын ошол учур кайра-кайра эсиме келет. «Эгер бир күнү олуттуу тандоо керек болсо, мени эч качан тандабайт го» деп ойлоп, жүрөгүм сыздайт.
Өзүм көп балалуу үй-бүлөдө чоңойдум. Ата-энем кичүү балдарды көбүрөөк эркелетчү. Ошондо да өзүмдү дайыма экинчи, үчүнчү орунда сезчүмүн. Эми ошол эле сезим кайра кайтып келди. Кээде ойлойм, балким, мурун үйлөнбөгөн адам издешим керек беле? Бирок баары бир күйөөмдүн кызын жакшы көргөнү ата жүрөгүндөгү чоң мээрим. Болгону, менин аялдык жүрөгүм мындайды көтөрө албай жаткандай…
Айзада
"Азия Ньюс" гезити











